«Жайлоодогу балдар бакчалары – Кыргызстандагы өнүктүрүү борборлору» темасына арналган социалдык видео-роликтердин байгелүү конкурсу старт алып жатат

July 24, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер бирлиги «Кыргызстандагы жайлоодогу балдар бакчалары – өнүктүрүү борборлору» темасына арналган социалдык видео-роликтердин, видео-фильмдардин байгелүү конкурсун жарыялайт.

 

Статистика боюнча Кыргыз Республикасында шаар жеринде балдардын 32%ы гана балдар билим берүү мекемелерине барат, айыл жерлеринде бул цифра андан да аз - 13%. Айылдык балдарда, малчылардын балдарында мектепке чейинки билимди жана комплекстүү өнүгүүнү алууга мүмкүнчүлүк жок. Малчылардын балдары жай мезгилинде 3-4 ай бою ата-энелери менен бирге жайлоодо болот. Жайкысын алыскы тоолуу жерлердеги жайыттарда малды аба ырайы кандай болгонуна карабастан тоолордо жүргөн малчылар, жалданма жумушчулар багат.

 

Алыскы тоолуу региондордогу балдар мектепке чейин даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ошол эле учурда азыр баланы наристе кезинен тартып өнүктүрүүнүн артыкчылыгы илимий жактан далилденген. Ошондуктан бүткүл дүйнөдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн улам көп күч-аракет жумшап жана чараларды көрүп жатат. 2014-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жайлоодогу балдар бакчалары демилгесин колго алды жана ошол жайда алыскы жайыттарда 35 балдар бакчасын ачты. 2015-жылы алардын саны 87ге жетти. 2016-жылдын жайында 7 областта жайлоодогу 117 бакча иштеп жатат. Балдардын курагы 3 жаштан 12-13 жашка чейин, анткени ал жерде балдар менен гана эмес, ошондой эле ата-энелер менен иш жүргүзүлөт, балдар бакчалары Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна айланды.

 

Конкурстун максаттары:


— Кыргызстандын региондорунда, өзгөчө айылдарда балдарды наристе чагынан тартып өнүктүрүү маселелерине коомдун көңүлүн буруу.

— Кыргызстандын тоолуу региондорундагы жамааттарды, үй-бүлөлөрдү Жайлоодогу балдар бакчаларын – Өнүктүрүү борборлорун жана балдар билим берүү уюмдарынын башка формаларын ачууга, бул ишке волонтерлорду, айылдык активисттерди тартууга шыктандыруу.

 

Конкурска ким катыша алат?

Бардык таламдаш адамдар: ышкыбоздор жана кесипкөйлөр.

 

Видеороликтерге жана видеофильмдерге кандай талаптар коюлат?

Хронометраж: 30 секундадан 15 мүнөткө чейин.

 

Ар кандай жанрдагы видеороликтер жана видеофильмдер кыргыз жана орус тилдериндеги форматта. Булар көркөм, документалдык же анимациялык фильмдер, репортаждар, селфи жана жеке ой жүгүртүүлөр, интервью же видео-арт болушу мүмкүн, эң башкысы – бул наристе кезден тартып өнүктүрүү маанилүү экендигинин жана балдарды өнүктүрүүгө коомдун көңүлүн буруунун, үй-бүлөлүк баарлашуунун, аларга өз алдынча өнүгүүнү каныктыруунун идеясы.

 

Фильмдер жайлоодогу балдар бакчаларынын мыкты тажрыйбасын, бакчага барган балдардын жана ата-энелердин үмүттөрүн жана ой-пикирлерин, ошондой эле өнүктүрүүнүн көйгөйлүү учурларын жана маселелерин же бир баланын, чоң кишинин конкреттүү мисалын чагылдырып, наристе кезден тартып өнүктүрүүнүн, жайлоодогу бакчалардын мисалында бакчаларды жана мектепке чейинки билим берүүнү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн аңдап-түшүнүүгө коомду чакыра алат.

 

Силер Кыргызстандын областтарынын каалаган биринде иштеп жаткан Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорубуздун бирине же бир нечесине бара аласыңар. Жайлоодогу жашоонун жагдайын көрүп жана ага аралашуу, Борбор (бакча) кандай иштеп жатканын түшүнүү үчүн жайлоодо жашап көрө аласыңар.

 

Бир адам тарабынан берилүүчү видео-роликтердин саны чектелген эмес.

 

Мөөнөттөр

Конкурска катышуу үчүн видео-роликтерди, видео-фильмдерди берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2016-жылдын 30-сентябры. Конкурстун калыстар тобу бардык өтүнмөлөрдү карайт жана өзүнүн чечимин чыгарат.

 

Сыйлыктарды ыйгаруу Бишкекте салтанаттуу кырдаалда өтөт.

Гран-прини алуучу үчүн, ошондой эле биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар үчүн байгелер каралган.

 

Өтүнмөлөрдү берүү

Ар кандай форматтагы роликти, ошондой эле конкурсанттын байланышуу маалыматын төмөнкүдөй дарек боюнча жөнөтүү керек:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаары, 720040, Чүй проспекти 106, 113-каб. Роликтерге жана байланышуу маалыматына шилтемелерди төмөнкүдөй дарек боюнча жөнөтүүгө болот: asanasyl@gmail.com,chinturgun@mail..ru, s.arstanbek@gmail.com.

 

Конкурс жөнүндө маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg

 

Кызыктырган маселелер боюнча төмөнкү даректерге кайрылуу керек: asanasyl@gmail.com, chinturgun@mail..ru, s.arstanbek@gmail.com же телефон боюнча: 621603