«Экология жана ден соолук» темасына төртүнчү Билим берүү фестивалы жөнүндө фильм

July 21, 2016, 06:00

Силердин назарыңарга 2016-жылдын 22-23-апрелинде Бишкек шаарында өткөн төртүнчү Билим берүү фестивалы жөнүндө жыйынтык фильмди сунуш кылабыз.


Фестивалдын биринчи күнү (22-апрель, жума) И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын (КММА) имаратында өттү.


Экинчи күн (23-апрель, ишемби) – Курманжан Датканын эстелигинин аймагында, Эмен сейил багында, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында жана «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда.


Бүтүндөй алганда, 2016 - Билим берүү фестивалына 18 000ден ашык адам келди, 130дан ашык уюм катышты жана 200дөн ашык волонтёр эки күндүк иш-чараны уюштурууга жардам берди.