Королевалык парктар - Лондондун мыкты жайлары

July 18, 2016, 06:00

Роза Отунбаева

КР Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы биринчи элчиси (1997-2002), “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү


Англиялык парктар жөнүндө өзгөчө баяндагым келди. Лондондо Королевага он парк тиешелүү. Алардын толук эмес тизмесин атап кетейин: Грин-парк - 16 га, Гайд-парк – 140 га, Кенсингтон-парк – 111 га, Рижент-парк – 197 га, Сент-Джеймс парк – 34 га. Биз шаардын Хэмпстед районунда жашадык, ал жерде дөңсөөлөрдө аянты 320 га болгон Хэмпстед багы созулуп жатчу; Ал эми Лондондун башка тарабында, дүйнөлүк убакыт санагын жүргүзүп турган, аянты 73 га болгон Гринвич паркы жайгашкан.


Лондондуктар жана Британиянын башка ири шаарларынын жашоочулары – баары бактылуу адамдар экен. Анткени, Королева букараларына өзүнүн парктарынын баарынын эшигин кенен ачып койгон. Бул парктар жаныңды жай таптырып, эс алып, көңүл ачууга мүмкүнчүлүк берген, миллиондогон чоң адамдар менен балдардын билимине, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө болгон жерлер. Адамдар күрү-күүгө толгон, 8,7 миллион калк жашаган, кымгуут түшкөн чоң шаардын парктарында балдары, достору, үйдө баккан жан-жаныбарлары менен көңүл ачып басып гана жүрбөстөн, бул жерде алар китеп, гезит, журнал окушат, ойношот, эс алышат, тамак жешет, күнгө күйүшөт, баарлашышат. Гайд-паркта болсо митингге чыгышат, фестивалдарды, концерттерди өткөрүшөт, салтанаттарды уюштурушат.


Британиянын ар бир шаарынын борборунда жакшы каралып, кылдат кыркылган дарактар менен газондорго жык толгон жашыл массивдер орун алган. Европанын бардык шаарлары өтө сонун парктары менен даңазаланып келет. Азыр эс алуу үчүн парк маданияты, жашыл массивдер Азиянын шаарларынын жашоосуна да кеңири кирип калды. Азыр дүйнөнүн кайсы жерине барбагын бардык жерде шаар ичин “бьютификациялоо” (жарашыкка келтирүү жана жашылдандыруу) иши жүрүп жатканын көрөбүз. Чоң жол четиндеги газондорго коюлган клумбаларда өстүрүлгөн гүлдөр өзүнүн ажайып жасалгаланышы жана сулуулугу менен таң калтырат. Жакшынакай жайлуу отургучтар коюлган скверлер, таң калтырган фонтандар, түрдүү, аралаш чөптөрдүн, бадалдардын, дарактардын дүркүрөп өсүп турганы, көбүнчө кытай же жапон бактарындай ажайып жашыл комплекстер дүйнөнүн борбор шаарларын кооздоп турат. Километрлерге созулган көлмөлөрү, ичинде жапайы токой массивдери жана жөө күлүктөр жана велсипед үчүн жолдору бар парктар чындап суктанууну жаратат: ооба, бул жерде адамдар жөнүндө ойлонушат. Шаардыктарга стресстерди жеңип чыгууга жардам беришет. Дүйнөнүн бардык шаарлары дүркүрөгөн урбанизация процессинен өтүштү, массалык түрдө курулуштар жүрдү. Өзгөрбөй турган эч нерсе жок. Шаарлардын тездик менен өсүүсү бизде да өтүп жатат. Адамдарды таң калтырып, жарым жылда эле көчөлөр, кварталдар таанылгыс болуп өзгөрүүдө. Курулуштар болсо эч бир планы жок эле ишке ашып жатат, мектептерди, бала бакчаларды медициналык мекемелерди курганга дээрлик орун калбай калды. Миңдеген шаардыктар аралап басып жүруп чоңойгон скверлер менен токойчолорду курулуш крандары менен дубалдары заматта тепсеп жок кылууда. Курулушчулар жерди түштүк магистралдан тартып Айтматов жана Байтик баатыр проспектилеринин жана тоого чейинки аралыктын оң жана сол тараптарын ээлеген квадраттагы жерди куулук жана билгичтик менен өздөштүруп жатышат: кыш учурунда акырын билдирбей дарактарды кесишип, кафе же химиялык тазалоо үчүн объекттердин ордун ээлеген убактылуу будкаларды коюп коюшат, анан ага тең катар трассаны бойлоп курулуш үчүн уруксат алып алышат, андан соң алар көп өтпөй ушунчалык тездик менен, керек болсо бир түндө ал жерлерге кирпичтен бекем имараттарды салып коюп жатышат. Бул районду бакиевдин тушундагы мэрлер жана премьерлер жүз миллиондогон долларларга үй куруш үчүн басып алышкан. А бул жерлер болсо совет мезгилинен бери шаардын “өпкөсү” катары резервде турган, ал мезгилде эмнеси болсо да шаардыктардын таза аба жутуусу тууралуу ойлонушкан экен...


Бирок акыркы жаңылыктар мени кубантты: мэрия Түштүк магистралдан тартып, Байтик Баатыр проспектисинен өйдө Орто-Сайга чейинки аралыкка пландуу түрдө, жаңы Көз карандысыздык паркын, 24- март скверин куруу тууралуу кабарлады. Азыр Бакаев жана Айни атындагы көчөлөрдүн кесилишиндеги скверди куруу иши толук түрдө жүрүп жатат. Мэрия мурдагы-азыркы БУМдун алдындагы скверди тарыхый көрүнүшүн, бак-дарактарын сактоо менен оңдоп жатат. Түштүк магистралды бойлоп Фучик паркынын жоголгон жер участокторун кайтарып алуу маселеси менен активдүү иш алып барып жатат.


Муз ордунан козголду окшойт! Биз мэриянын , активдүү шаардыктардын иш-аракеттерин, ким шаарыбызды кооз, эстен кеткис, кайталангыс кылгысы келгендерди, мыкты тажырыйбаларды жайылтууну каалагандарды чын дилибизден колдоого алышыбыз керек. Азыр шаарыбызда активдүү, кээ бир жерлерде агрессивдүү жүрүп жаткан курулуштардын фонунда табият өзүнүн каршылыгын көрсөтүп, бизге каршы козголоң чыгарып жибербесин десек шаардын жашыл аймактарынын балансын сактап калуу зарыл, табият-эне өзүн кысымга алган көрүнүшкө кантип жооп береээрди билет, мындайлар жер шарынын бардык жеринде кездешип жүрөт. Ушул күндөрү, айлары климаттын чындап өзгөрүп жатканы тууралуу сигналдар бизге келип жатканы калппы: адамдар кызыл тосмону ачык эле кесип өтүп кетишти, жаратылыш менчигине жарып кирип, кол салышты. Кайрагач токоюндагы, Фучик, Ата-Түрк жана Дубовый парктарындагы жерлерди үй салабыз деп басып алгандар тууралуу баш-аягы жок көп окуяларды уга берүүдөн тажадык. Бийликтегилерди каратып туруп парктарды четинен “тиштеп” жулуп алып, анан көз ачып жумганча ресторандарды, кафелерди куруп коюп жатышат. Бул жерде мыйзам бузгандык ачык эле көрүнүп турат. Бийлик коомдук кызыкчылыкты бул уяты жок курулушчулардан коргоп ала турган жөндөмгө ээби деген маселе жаралып отурат. Көгөрүп өсүп турган бак-дарактарды коргоо боюнча барган сайын шаардын бардык булуң-бурчтарынан коомчулуктун коркунучка толгон кабатыр үнү улам бийиктеп, коңгуроону жарандар да, Интернет да кагып жатат. Шаарга жашыл курулуштарды пландоо жана райондоштуруу абдан зарыл экендиги бүгүн күн тартибине коюлуп турат. Мүмкүн “Зленестройго” караштуу өзүнчө структураны – парктардын биргелешкен шаардык дирекциясын түзүү керектир. Ал иштеп жаткан парктарды, токойлорду, скверлерди жана аллеяларды өздөштүрүү жана ондоп-түзөп куруу, орто мөөнөткө пландоо иштери менен алектенмек. Шаардын бийлиги шаардагы бак-дарактардын эпидемиялары, дубдардын оор ылаңдары тууралуу кандайдыр бир чараларды көрүп жатабы? Булар тууралуу эки жылдан бери биздин ММКлар айтып, жазып келишет. Үйлөрдүн жаныныдагы жер аянттарын, үйлөр ортосундагы жашыл бурчтарды, балдар аянтчаларын өздөштүрүү, жарашыктуу жашылдандыруу боюнча шаардагы райондор аралык конкурс-мелдештер өз деңгээлинде өтүп турабы? Илимдер Академиясынын Ботаникалык багын калыбына келтирүү боюнча аракеттенип, реалдуу иштерди аткарганы үчүн “Арча” фондуна жана анын активисттерине алкыш ! Бирок ушул эле учурда шаардын борборунда жайгашкан Улуттук Университеттин Ботаникалык багы тууралуу эч ким ооз ачпаганы таң калтырат! Кантип эле аны да акырын четинен “кескилеп” жатышпасын, биз болсо бул тууралу качан гана ал бактын ордуна эки кабаттуу заңгыраган тамдар пайда болгондо, же аны шектүү “инвесторлор” колуна берип койгондо гана билип жүрбөйлү!?


Лондондо темир менен тосулган терезелер, эшиктер, палисадниктер, парктар, подвалдар, подъезддер көзгө урунат. Ушундай эле темир торлор менен тосуу Парижде да орун алган. Кээ бир адамдардын мыйзамсыз жоруктарынан коргонуу үчүн убагында башка жолду таба албагандан ушундай болгонун түшүнсө болот. Демек, эзелтен келаткан коргонуунун ишенимдүү ыкмасы темир тор менен тосуу! Биз деле сактап калалы десек бул ыкмадан кача албайбыз го: бардык парктарды, бактарды, токойчолорду темир тор менен курчап коргоого мажбурбуз. Королеванын парктарында атайын бекитилген полициялар да иштешет. Биздин парктардагы коопсуздук маселеси бүгүн ачык коюлуп, чечүүнү талап кылган учуру.


Бишкекте чөпкө отуруп алып, китеп окуй турган парктар, скверлер жок. Королеванын парктарында атайын бөлүнгөн жерлерде адамдар жатып алып эс ала турган толтура керебетчелер прокатка берилет.


Москвадагы Горький паркы акыркы маалда аттракциондорго жык толуп кеткен эле, бүгүн таң калганым, аларды толук тазалап, чөптөрдү эгип, газонго айлантышты. Азыр тээ дарыяга дейре чөптүн үстүндө тынч отуруп, күнгө күйүп, пикник жасаса болот. Биздин парктарда оркестрлер чанда гана ойношот, ал жакта дээрлик концерт беришпейт. Лондондо болсо мындай иш чаралар дайыма болуп турат. Парктарда өткөн мезгилден калган артисттер жана бийлөөчүлөр үчүн секилер дагы эле турат. Бул жерлерде коомдук иш чараларды өткөрүү үчүн атайын аянттарды –амфитеатрларды көп көрөсүң. Билим берүү багытындагы иштер абдан көп өткөрүлөт: балдар, багбандар, жаратылышты сүйүүчүлөр менен өз- өзүнчө иштеген бүтүндөй комплекстер бар, дайыма лекторийлер болуп турат, кызыккан багыттар боюнча ондогон ийримдер иштейт. Бул аралда жайгашкан өлкөдө эзелтен бир чындыкка таянышат: аң сезимдүү, ойлоно билген, табиятка этият мамиле жасаган жаранды тарбилоо үчүн адамдан эч нерсени аябоо керек. Парктар абдан акылдуулук менен тынч аймактарга бөлүнгөн, ал жерлерде отуруп алып китеп окуса болот, мындагы бардык жакшынакай бак отургучтары жарандар тарабынан паркка белекке берилгенин белгилеп кетсек болот. Ал отургучтарда эстелик табличкалар турат. Парктын башка аймактары ызы-чуулуу, алар спорттук сабактарга , балдар ойной турган атайын шаарчага арналган. Анда кум гана эмес, ары-бери чыгып-түшүп, тайгаланып ойной турган дөбөчөлөр бар. Парктардан же токойпарктарынан, айрыкча дарыянын жээктеринен велосипедге же чуркаганга , же ролик менен жүргөнгө ылайыкташып курулган жолдорду көрө аласыз. Азыр заманбап кооз материалдардан воркаут-аянттарды жасап коюп жатышат, алар өзүнүн ачык түсү менен балдарды, кары-картаңдарды өзүнө тартып турат. Европанын бардык парктарында асфальбетонго, тротуарга коюлган плиткалардын ордуна майда таштарды, чоң таштардын сыныктарын, түрдүү түстөгү жылмакай таштарды төшөшөт. Биз болсо плиткаларды жаңы эле көргөнсүп, аны менен жолдордун баарын дымдап жаап салып жатабыз. Музейлер, мини-зоопарктар, билим берүү борборлору, сүйлөшүп отура турган кооз жайлар, бак ичине орнотулган скульптуралар, анан албетте, Эдем багындагыдай болуп чексиз көп, көк чөптөрдүн түркүн-түсү жайнайт- Лондон шаарынын парктары мына ушундай.

 

Улуу Британиянын шаарларынын борборундагы Королевага таандык жерлер адамдардын кароосуна берилген. Бейжин менен Токиодо да императорго таандык сарайлар менен храмдардын тегерегиндеги абдан чоң көк мейкин аянттарга азыр шаардыктардын баары келип эс ала алышат. Биз социализмден калгандарды жаңы рынок шартында кантип сактап кала алабыз? Качан биздин бир паста таң калыштуу байып кеткендерибиз супермаркеттерди, универмагдарды гана курганды токтотуп, парк аймактарын , адамдар эс алчу аймактарды, шаарды жашылдандырган курулушка өтүшөт? Биздин олчойгон соода борборлорун вертикалдуу жашылдандыруу, машине токтоочу жайды жашылдандыруу, жашыл тосмолор – буларды жасоо силерге милдет жана акчаңар жетет! Шаарды жашоо үчүн жагымдуу акыбалга алып чыгуу, жашылдандыруу аркылуу жашоо сапатын жакшыртуу- бизнес үчүн эң асыл милдет. Биз кетебиз, ал эми жаңыланган парктар жана скверлер биздин балдарга жана неберелерге өз көлөкөсүн чачат. Өмүр кечирүүнүн маани-маңызы да ушунда эмеспи?!

http://www.bbc.com/