Кыргызстандык мекендештердин кезектеги «Мекендештер -2016» форуму Ош шаарында өтөт

July 12, 2016, 06:00

Мекендештердин «Мекендештер – 2016» III форуму үстүбүздөгү жылдын 1-2 август күндөрү Ош шаарындагы Ош мамлекеттик Университетинде өтөт. Бул тууралуу аталган форумдун маалымат кызматы билдирди.

 

«Мекендештер-2016” Форумунун максаты - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭске, ШККУга мүчө экендигин, Кыргызстандын аймактарынын географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын эске алуу менен ишкерлик демилгелерди активдештирүү максатында чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу болуп саналат.

 

Быйыл форум дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген диаспора өкүлдөрүнөн, бизнес-бирикмелеринен, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жана миграция боюнча эл аралык жана улуттук эксперттерден турган 400 адамдын башын бириктирет.

 

Дискуссиялар алкагында катышуучуларга Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн жолдору жана келечеги тууралуу маалымат берилет. Форумдун катышуучулары өздөрү чыгып сүйлөп, ой-пикирлерин бөлүшүп, өлкөнү, облусту, районду, шаарды өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулашат.

 

Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунун, Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөдөгү мекендештердин катышуусу пландалып жатат.

 

“Мекендештер-2016” Форумун “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Кыргыз өкмөтү, “Замандаш” Ассоциациясы жана Ош Мамлекеттик Университети менен биргеликте өткөрүп жатат.

КАБАР