Түрк кызматташтык жана координация Агенттиги (ТИКА) «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук Фондунун «Жайлоодогу өнүгүү борборлору» долбооруна китептерди жана канцеляриялык товарларды алууда жардам көрсөтөт

June 30, 2016, 06:00

Түркиянын ТИКА уюму “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоодогу өнүгүү борборлоруна” китептерди жана канцеляриялык товарларды сатып алууга 1 674 805 сомдук жардам көрсөтөт. Бул каражатка Республиканын аймактарында жайгашкан 55 борбор китеп, 55 борбор канцеляриялык жардам менен камсыз болушат. Бул каражатка сатылып алынган китептерди жана канцеляриялык товарларды расмий тапшыруу аземи 30-июнда саат 15.00 дө Экономика министрлигин 211 кабинетинде (2-кабат) өтөт. Бул иш-чарага Кыргызстандагы ТИКА программаларын координациялоо кеңсесинин координаторунун орун басары Хатидже Метин КУШЧУ жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору – Кендирбаева Догдургүл, Долбоордун координатору – Асылбек Жоодонбеков, тийиштүү адистер катышышат.


2016 - жылы июнь-август Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 120 жайлоодогу өнүгүү борборлору ачылууда. Бул борборлордо тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.


Көк шиберден орун алган бул боз үйлөрдү жайлоо шартында жашаган балдарды өнүктүрүү борбору деп түшүнсөк болот. Бул жакка 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар келишип, ар күнү 3 саат чогуу өткөрүшөт. Ар кыл курактарга арналган атайын программа иштелип чыккан. Бул борборлорго бекитилген педагогдордон тышкары, сүрөтчүлөр, шахматисттер, окумуштуулар, инженерлер, тренерлер, искусство чеберлери, белгилүү адамдар, чет-өлкөлүк өнөктөштөр келип, мастер-класстарды мезгил-мезгили менен көрсөтүп турушат. Балдарга өнөр үйрөтүшөт. Андан тышкары ата-энелер, жайыт колдонуучулар үчүн балдарды туура тарбиялоо, курактык психология, үй-бүлөлүк тарбияда атанын орду сыяктуу тренингдер, мастер-класстар болот.


Жайлоодогу өнүгүү борборлорун ачуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен Жогорку окуу жайлары, Балдар чыгармачыл борборлору, Райондук билим берүү мекемелери, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашат. Бул долбоор малчылардын балдарын камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоодогу өнүгүү борборлору» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.


Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 62 16 03, (0556) 54 91 54 телефондоруна кайрылсаңыздар (Арстанбек Сагынтай уулу) болот.