ТИКА «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Жайлоодогу өнүгүү борборлоруна» жардам көрсөтөт

June 29, 2016, 06:00

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) уюму “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоодогу өнүгүү борборлоруна” китептерди жана канцеляриялык товарларды сатып алууга 1,6 млн сомдук жардам көрсөтөт. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.


Бул каражатка Республиканын аймактарында жайгашкан 55 борбор китеп, 55 борбор канцеляриялык жардам менен камсыз болушат. Сатылып алынган китептерди жана канцеляриялык товарларды расмий тапшыруу аземи 30-июнда саат 15:00 дө Экономика министрлигин 211 кабинетинде (2-кабат) өтөт.


Иш-чарага Кыргызстандагы ТИКА программаларын координациялоо кеңсесинин координаторунун орун басары Хатидже Метин КУШЧУ жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору – Кендирбаева Догдургүл, Долбоордун координатору – Асылбек Жоодонбеков жана башка тийиштүү адистер катышышат.


2016-жылы июнь-август Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 120 жайлоодогу өнүгүү борборлору ачылууда. Бул борборлордо тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Кабар