Мектептин алдындагы лагерлер: Музейлердеги эко-жолугушуулар

June 25, 2016, 06:00

Эки жуманын ичинде 13-июндан 24-июнга чейин Бишкек шаарынын мектептеринин алдындагы 20 лагерден 600дөн ашык мектеп окуучусу эки музейге: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) жайгашкан Зоологиялык музейге жана Суу музейине барды.

 

Кыргызстандын фаунасы көрсөтүлүп турган Зоологиялык музейде мектеп окуучуларына экскурсия өткөрүштү жана өз өлкөбүздүн жаныбарлар дүйнөсү жана биологиялык ар түрдүүлүгү, Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын жана канаттуулардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бараткан түрлөрү жөнүндө айтып беришти, «Жаш бишкектиктин эрежелери» темасына презентация өткөрүштү, ал жерде курчап турган чөйрөгө, туулуп-өскөн шаарга карата аяр мамиленин маанилүүлүгүн жана зарыл экенин жана коомдук жерлердеги жүрүш-туруштун эрежелерин талкуулашты.

 

Борбордук Азиядагы жападан жалгыз Суу музейинде балдарга суу жана анын кайталангыс касиеттери, суу ресурстарына аяр мамиленин маанилүүлүгү темасына презентацияларды көрсөтүштү. Тажрыйбалуу экскурсоводдор балдар үчүн, ошондой эле чоң кишилер үчүн кызыктуу болгон кайталангыс экспонаттар, жабдуулар жана интерактивдүү стенддер менен жабдылган музей боюнча балдарга экскурсия өткөрдү. Экскурсиянын жүрүшүндө балдар суу жөнүндө өтө көп фактыларды билди: жер астындагы үңкүр деген эмне, суунун чоң айлампасы, суу үйгө кандай түрдө кирет ж.б.

 

«Музейлердеги эко-жолугушуулардын» алкагында окуучуларга ошондой эле курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына видеороликтерди көрсөтүштү жана экология боюнча викторинаны өткөрүштү, ал жерде туура жооптору үчүн мектеп окуучулары кызыктуу китептер түрүндө байгелерди алды.

 

«Музейлердеги эко-жолугушууларды» «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурду.