«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жаңы долбоорду – «Агартуучулар аймак таанууда» демилгесин ишке киргизди

June 26, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу максатында жаңы долбоорду – «Агартуучулар аймак таанууда» демилгесин ишке киргизди.


Башкы максат – билим берүү тармагынын кызматкерлеринин жана билим берүү мекемелеринин маданий-билим берүү тажрыйбасын алмашуу үчүн диалог аянтчасын түзүү, ошондой эле Кыргызстандын региондорунун маданий өнүгүшү жөнүндө көбүрөөк маалыматты алуу.


Долбоордун маанилүү милдеттеринин бири алдыңкы педагогикалык технологиялар, билим берүү системасындагы ийгиликтер жана өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык технологияны жана жөндөмдөрдү калыптандыруу жана билим берүүдө максаттуу реформанын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.


Бул демилгенин алкагында 2016-жылдын 26-июнунан тартып 1-июлуна чейин Чоң-Алай районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилери сапаттуу билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу, алдыңкы педагогикалык жана IT технологияларды башкаруу, колдонуу багытында өз ара тажрыйба алмашуу максатында Ысык-Көл областында болушат. Бул иш-чаранын алкагында катышуучулар «Жылдын мыкты мектеби» республикалык кароонун башкы сыйлыгынын ээси, Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунушов атындагы мектептин иш тажрыйбасы менен таанышат. Мындан тышкары, алар мектеп тамак-ашын жакшыртуу боюнча үлгүлүү болуп саналган Жети-Өгүз районунун Т.Мурзабеков жана С.Мендебаев атындагы мектептерине барышат.


Т.Сатылганов атындагы лицей мектепте катышуучулар окуу-тарбиялоо ишин жана электрондук сабактарды жакшыртуу боюнча стратегиялык планды иштеп чыгуу жагынан жөндөмдөрдү алат.


Иш-чаранын жүрүшүндө КР Эл мугалимдери жана алдыңкы мугалимдер кесиптик чеберчилик жагынан өз ийгиликтери жөнүндө айтып берет, билим берүү чөйрөсүндө алдыңкы жөндөмдөрдү колдонуу боюнча диалогдор, натыйжалуу талкуулар уюштурулат. Ошондой эле аларга окуучу кыздарды табигый илимдерге жана СТЕМ программасы боюнча кесиптик багыт берүү жагынан даярдоого тартуу процесси жөнүндө айтып беришет. Мындан тышкары, алар жаңы заманбап илимдер, мектеп окуучуларынын жетишүүсүнө баа берүү жана баа коюу өбөлгөлөрү боюнча алдыңкы технологиялар жагынан иштеп чыгуулар менен таанышат. Ошондой эле алар мамлекеттин жана жеке менчиктин кызматташтыгы боюнча «Билим булагы» борборунун тажрыйбасы менен таанышат.


Маданият жана регион таануу багыты боюнча программанын алкагында Чоң-Алай районунан келген катышуучулар тарыхый жана маданий мурастар менен таанышуу максатында Каракол шаарындагы К.Карасаев, М.Прежевальский край таануу музейлерине, Чолпон-Ата шаарындагы тарых музейине, Рух-Ордо этнографиялык комплексине барат. Катышуучулар Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун жаратылышынын ар түрдүүлүгү менен таанышат, ошондой эле ушул райондордун мугалимдеринин үйлөрүндө түнөшөт.


Мындай иш-чаралар башка өлкөлөрдө кеңири орун алганын белгилеп кеткибиз келет. Тажрыйба алмашуу жана ар бир регион менен таанышуу өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп саналат.