«В гости к моим друзьям» («Менин досторума мейманга») китеби балдар арасында маданияттар ортосундагы диалогду түзүүгө жана чыңдоого өз салымын кошот

June 23, 2016, 06:00

Кечээ, 22-июнда, Касымалы Баялинов атындагы Балдар-өспүрүмдөр китепканасынын жайлуу залында балдар үчүн «В гости к моим друзьям» («Менин досторума мейманга») китебинин презентациясы болуп өттү.

 

Россиянын, Кореянын, Тажикстандын, Азербайжандын, Украинанын элчиликтеринин, «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбооруна катышкан өнөк уюмдардын – Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын, Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын, ошондой эле КР Президентинин Аппаратынын, эл аралык уюмдардын, шаардык китепканалардын өкүлдөрү презентациянын меймандары болуп калды.

 

Бул китеп биздин Фонд тарабынан «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» концерттеринин сериясынын уландысы катары жаралды, ал 2014-2015-жылдары турмушка ашырылган ЮНЕСКОнун жана ПРООНдун «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбоорунун алкагында мектеп окуучуларына жана чоң кишилерге Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын тааныштырды.

 

«В гости к моим друзьям» («Менин досторума мейманга») китеби 2014-2015-жылдары ЮНЕСКО катышкан программалардын алкагында орус тилинде 650 нуска тираж менен чыгарылды жана акысыз таратылат. Китепти Бишкек шаарынын бардык мектеп китепканалары, шаардык китепканалар, эл аралык уюмдар жана элчиликтер алат.

 

Китептин автору – жаш жазуучу, көркөм өнөрдү таануучу Алтын Капалова. Ал китепти Алтын Аман деген чыгармачыл каймана ысым менен жарыялады. Сүрөтчүсү – Джум Гунн, редактор – Бактыгүл Капалова. Редактор-корректор – Татьяна Кузьмина.

 

Китептин башкы каарманы – Бекжан деген бала, ал окурмандарды өз досторуна мейманга чакырат. Автор белгилегендей, Борбордук Азияда мейманга баруу – бул өзүнчө түрдөгү маданият. Китептин бөлүмдөрү тарыхтан алынган кызыктуу фактылар, кеп болуп жаткан этностордун маданий мурасынын эстеликтери, салттуу кийим-кечектери, музыкасы, оюндары жөнүндө айтып берет. Балдар ар бир тилде бир нече сөздөрдү жаттап, кызыктуу тапшырмаларды аткара алат.

 

«В гости к моим друзьям» («Менин досторума мейманга») китеби Кыргызстанда балдар арасында маданияттар ортосундагы диалогду түзүүгө жана чыңдоого, өз ара урмат-сыйга жана бири-биринин тарыхы, салттары, үрп-адаттары, тили жөнүндө көбүрөөк билүү ниетине өз салымын кошот деп ишенебиз.

 

Азыркы учурда китептин кыргыз тилине котормосу даярдалып жатат.