КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын июндун биринчи декадасындагы жолугушуулары жана сүйлөгөн сөздөрү

June 16, 2016, 06:00

2016-жылдын 30-31-майында Брюсселе (Бельгия) КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча максаттарын турмушка ашыруу боюнча илимпоздордун жана практиктердин тармагынын жыйналышынын ишине катышты. Колумбия Университетинин алдындагы Жер Институтунун директору Джеффри Сакстын жетекчилиги астындагы бул тармак (SDSN) 2015-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясында мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан бекитилген 2030 глобалдык стратегиясын иштеп чыгуучу катары лидерлик кылган. Тармак ошондой эле климаттын өзгөрүшү боюнча «Париж 2015» документтерин иштеп чыгууга олуттуу салым кошту. БУУга мүчө өлкөлөрдө азыркы учурда 2030 глобалдык программасын турмушка ашыруу боюнча улуттук стратегияларды иштеп чыгуунун активдүү фазасы жүрүп жатат. Дүйнөнүн университеттеринде туруктуу өнүктүрүү боюнча курстар өтүлүп жатат. Африкада, Малайзияда жана Сингапурда Туруктуу өнүктүрүү боюнча атайын илимий-билим берүү борборлору түзүлүүдө, алардын максаты туруктуу өсүш, бизнес, сервис, жумуш орундарын түзүү саясатын жана программаларын иштеп чыгууда жана турмушка ашырууда өкмөттөргө жардам берүү болуп саналат. Тармак азыр индекстер менен көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууда, алардын базасында 2030 туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча бардык өлкөлөрдүн өнүгүү прогрессине баа берилет. Биринчи талкуу 2016-жылдын жайында өтөт.


Р.Отунбаева ошондой эле Европалык Комиссиянын өкүлдөрү жана Эл аралык кризистик топтун Президенти Ж-М. Генно менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.


2-июнда Р.Отунбаева АКШдан келген Конгрессмендердин катышуусу менен «Аялдардын лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: Кыргызстандын өнүгүшүндөгү кийинки кадам» Улуттук конференциясынын пленардык жыйналышында сөз сүйлөдү. Иш-чара USAID’дин финансылык колдоосу аркасында Эл аралык Региондук Институттун (ЭРИ), КРдагы Улуттук Демократиялык Институттун (УДИ) өкүлчүлүгүнүн жана Аялдардын Демократиялык Тармагынын колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чара аялдардын саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө карай жолдогу тоскоолдуктарды талкуулоо боюнча алар үчүн аянтчаны түзүүгө багытталган болучу. Катышуучулар учурдагы эл аралык тажрыйбаны, Кыргызстан аялдарынын ийгиликтерин жана жетишкендиктерин жана Кыргызстандын өнүгүшүнө көмөктөшүүчү аялдар тармактарын чыңдоо жолдорун талкуулады.


2016-жылдын 2-июнунда КР экс-Президенти Р.Отунбаева көрүнүктүү демократ, публицист, “Шоро” компаниясын жана “Супара” маданий-этнографиялык комплекстерин негиздөөчү Табылды Эгембердиевди эскерүү кечесине катышты. Ал жаңы Кыргызстандын ушул көрүнүктүү ишкери жөнүндө, Табылды Эгембердиевдин Фонд менен кызматташтыгы, 2012- жана 2014-жылдардагы Мекендештер Форумдарына анын жигердүү катышкандыгы жөнүндө өз эскерүүлөрүн бөлүштү.


2016-жылдын 6-июнунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде Р.Отунбаева АКШнын алдыңкы ЖОЖдорунун (Гарвард, МИТ, Тафтс) магистратураларынын студенттеринин делегациясы менен жолугушту. Жолугушууну Азиядагы Лидерлик Борбору уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө КР экс-Президенти өлкө кандай оорчулуктарды башынан өткөргөндүгү жана ал азыр кайсы багытта бараткандыгы жана өлкөнүн лидерлери анын өнүгүшүнүн ар кандай этаптарында кандай роль ойноп жаткандыгы жөнүндө айтып берди.


2016-жылдын 8-июнунда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде «Махатма Ганди жана азыркы Индия» темасына конференция, ошондой эле М. Гандинин кыргыз тилине которулган «Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу» китебинин презентациясы өттү.


Конференцияда саламдашуу сөзү менен КР экс-Президенти Роза Отунбаева сөз сүйлөдү, анын демилгеси боюнча М. Гандинин «Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу» китебин которуу ишке ашырылды.


Конференцияда ошондой эле КР ТИМдин статс-катчысы Данияр Сыдыков жана КР ТИМдин 4-саясий департаментинин директору Жээнбек Кулубаев, Индиянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джанаят Кхобрагаде, КР Улуттук илимдер академиясынын Президенти А. Эркебаев, КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С. Кадыралиев, КРнын мамлекеттик жана коомдук ишмери Э. С. Каптагаев, Индия боюнча эксперт Е. Н. Каблуков, К.Карасаев атындагы БГУнун тарых илимдеринин кандидаты Т. М. Рыскулов, Б. Ельцин атындагы КРСУнун профессору М. Н. Суюнбаев, Дипломатиялык фонддун Президенти Н. Кемелбаев, МУК УНПКнын Камкорчу кеңешинин төрагасы А. Айдаралиев, Кыргыз-Индиялык тоо биомедициналык илимий борбордун директору профессор А.Сарыбаев, «Indomed» ЖЧКнын директору Чыңгыз Мырзаев сөз сүйлөдү.


2016-жылдын 9-июнунда Р. Отунбаева кезектеги «Поэзия кечеси» сериясына катышты, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ КР Улуттук филармониясы жана КР Жазуучулар союзу менен өнөктөштүктө уюштурду. Бул кече Кыргызстандын З.Ажыматов, Э.Жумагазиев, А.Бакирова, К.Тажиева, С.Батыркулова, А.Исмаилов сыяктуу жаш акындарынын чыгармачылыгына арналды.


2016-жылдын 10-июнунда КР экс-Президенти Р.Отунбаева АУЦАда КР ЭНАКТУСтун мааракелик (20-) Улуттук мелдештеринин ачылышында саламдашуу менен сөз сүйлөдү.