«Устат-3» насаатчылык долбоорунун жабылышы. Фоторепортаж.

June 17, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ КР ИИМ жана Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясы менен кызматташтыкта, БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен насаатчылык боюнча «Устат-3» долбоорун аяктады.


2016-жылдын 15-июнунда «Устат-3» долбоорунун жабылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.А. Жунушалиев, БУУ БКБнын эл аралык менеджери В.В. Ткаченко, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык региондорунан келген насаатчылар, долбоордун шакирттери, ошондой эле башка меймандар катышты.


«Устат-3» долбоорунун максаты милицияда гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында менторлуктун/насаатчылыктын негизинде орто мектептерди бүтүрүүчүлөрдүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу милицияга ишенимди бекемдөөгө жана ИИОдо кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.


Өз сөзүндө КР экс-Президенти Отунбаева Роза Исаковна бул долбоордун мисалында Ички иштер министрлигинин системасында насаатчылыкты туруктуу алга илгерилетүүнүн натыйжалуулугун белгиледи. Мында өз ара аракеттенүү жаштарда милиция жөнүндө туура түшүнүктү калыптандырууга, өз ара түшүнүшүүнү жана коомчулук жана жергиликтүү калк тарабынан укук тартип органдарына ишенимди кыйла жакшыртууга жардам берет.


Р.И. Отунбаева ИИМдин жетекчилигине милициянын катарларында айымдардын санын жана этностук азчылыктардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү боюнча конкреттүү кадамдарды жасоо, ошондой эле аялдардын иштеши үчүн шарттарды түзүү, аларды эркектер менен катар кызматка көтөрүү чакырыгы менен кайрылды. Эркектер да, аялдар да теңдеш кызматкерлер болуп саналат жана ИИО жөнүндө Мыйзамда, буйруктарда жана кызматтык нускамаларда жазылган милдеттерди аткарат. Ал ИИМ Академиясын кесипке багыт берүү боюнча туруктуу, өз учурундагы иштерди жүргүзүүгө, кыздарды ишке топтоо боюнча 20%дык чектөөнү алып салууга, кодулоочу факторду жоюуга чакырды.


Өз сөзүндө ички иштер министри К.А. Жунушалиев коомдук коопсуздуктун жана коомдук тартиптин деңгээлин көтөрүү, ошондой эле калктын ишенимине ээ болуу аркылуу гана натыйжаларга жетишүүгө болот деп белгиледи. ИИМдин гендердик саясаты аялдардын, көптөгөн этностордун өкүлдөрүнүн санын көбөйтүү максатын көздөйт жана бул багыт мындан ары да өнүгө берет, ал эми министрликтин өзү бул үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.


БУУ БКБнын эл аралык менеджери Ткаченко Вера Валерьевна донордук жамаат көптөгөн жылдар бою ИИМге техникалык, материалдык жана эксперттик жардам көрсөтүп келатат жана ушуга байланыштуу ИИОнун системасынын өзүндө ушундай жардамдын натыйжаларын көргүбүз келет деп баса белгиледи. Министрликке гендердик жана этностук өкүлчүлүктүү көбөйтүү боюнча конкреттүү аракеттерди жасоо жагынан каалоолор айтылды.


Долбоордун насаатчылары жана шакирттери спикер катары сөз сүйлөдү, алар биргелешкен иштен алынган өз таасирленүүлөрүн бөлүштү.


Көзкарандысыз эксперт Алиева Гульсара Мидиновна БУУ БКБнын «Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкагында ИИМде гендердик өкүлчүлүктүн маселелери боюнча иштин тажрыйбасы жөнүндө презентацияны сунуш кылды.


«Устат-3» долбоорунун координатору Юсупова Асель «Устат-3 долбоорунун натыйжалары: көйгөйлөр жана жетишкендиктер» презентациясы менен сөз сүйлөдү. «Устат-3» долбоорунда отуз төрт насаатчы – милициянын кызматкерлери иштеди, алардын арасында көпчүлүгү – айымдар, 121 шакирт кыз жана уландар, алар КР ИИМ Академиясына тапшырууга ниеттенет.


Иш-чаранын аягында долбоордогу мыкты адамдарды грамоталар жана эстелик белгилер менен салтанаттуу сыйлоо болуп өттү. Ал эми «Устат-3» долбоорунун шакирттерине долбоорго катышуу жөнүндө сертификаттар тапшырылды.


«Устат-3» долбоору милиция органдарындагы аялдардын ишине толук баа берүү үчүн түрткү болуп калганы кубандырбай койбойт. ИИО системасындагы бүтүндөй бир катар аял кызматкерлер, анын ичинде «Устат-3» долбоорунун менторлору ИИМдин медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланды.


Маалымат үчүн: «Устат» насаатчылык долбоорлору Фонд тарабынан 2013-жылдан бери турмушка ашырылып жатат жана насаатчы аялдын (Устат) жана жаш шакирт адис айымдын (Шакирт) ортосундагы кызматташтык процессине жигердүү катышууга жаш, жөндөмдүү жана өнүгүүнү каалаган айымдарды кубаттоого багытталган. Өткөн мезгилдин ичинде төмөнкүдөй эки долбоор ийгиликтүү турмушка ашырылды: «Устат-1» (жаш адистер үчүн, алардын насаатчылары Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, КРУБдун жогорку рангдагы жетекчи айымдары жана башкалар болду) жана «Устат-2» (Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн, анда насаатчылыкты билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу адистер жүзөгө ашырды)