Талас шаарында «ИИОдо айымдардын өкүлчүлүгүн жакшыртуу: маселелер, көйгөйлөр, келечектер» деген тегерек стол өттү

June 6, 2016, 06:00

2016-жылдын 3-июнунда «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкагында БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) финансылык колдоосу менен ИИМ жана Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясы менен өнөктөштүктө «ИИОдо айымдардын өкүлчүлүгүн жакшыртуу: маселелер, көйгөйлөр, келечектер» деген тегерек стол өттү.

 

Иш-чарага областтын ИИБнын, Талас шаарынын ИИОнун жогорку башкаруучу курамы жана кызматкерлери, кадр кызматтарынын жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери, ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Талас шаарынын орто мектептеринин директорлору, долбоордун шакирттери жана насаатчылары катышты.

 

Тегерек столго ошондой эле Талас областынын губернаторунун орун басары Жаркыналиева Азият катышты, ал өз сөзүндө тегерек столдун бардык катышуучулары менен саламдашып, долбоордун бардык өнөктөрүнө жана катышуучуларына ыраазычылык билдирди, ошондой эле «Устат» долбооруна андан аркы үзүрлүү ишти каалады.

 

Долбоордун насаатчысы Бермет Темирбаева өз сөзүндө айымдар ИИОнун кызматкеринин бардык функцияларын аткара алат деп белгиледи. Кыргызстандын тарыхы буларды көрсөтүп турат: кыргыз айымдары дайыма күчтүү жана акылдуу болгон, алар «аялдын ишин» жакшы билип гана тим болбостон, ошондой эле бүтүндөй элди жана өлкөнү башкара алган.

 

Тегерек столго ошондой эле шакирт кыздардын ата-энелери катышты, алар өз кыздары Устат-3 долбооруна катышып жатканына кубанычта болду.

 

Тегерек столдун аягында шакирттер жана насаатчылар даярдаган программа көрсөтүлдү. Программада марш менен басуу көрсөтүлдү, шакирттер тематикалык ырларды жана кыргыз, орус жана немец тилдериндеги ырларды аткарды, ошондой эле кыргыз жана испан бийлердин бийлеп берди.

 

Тегерек столдун жыйынтыгында долбоордун эксперттери, ошондой эле Осмонова Асель жана Бийбосунов Адылбек шакирттерге сертификаттарды тапшырды, ал эми «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркуль Талас областынын ИИБсына, Талас шаарынын ИИИБсына, Талас билим берүү бөлүмүнө жана башка өнөктөргө ыраазычылык катын тапшырды.