«Жайлоодогу балдар бакчалары – Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору-2016» долбоорунун катышуучулары үчүн тренингдер старт алды

June 6, 2016, 06:00

2-3-июнда Ат-Башы, Нарын райондору жана Нарын шаары үчүн – Нарын шаарында, Ак-Талаа району үчүн Баетов айылында «Жайлоодогу балдар бакчалары – Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору-2016» долбоорунун катышуучулары үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренингдерге 95 адам – Кочкор жана Ак-Талаа райондорунун акимдеринин орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, тарбиячылар, педагогдор, жайыт комитеттеринин, балдар билим берүү борборлорунун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана мектептердин директорлору катышты.

 

Катышуучулар жайлоодогу бакчалар үчүн атайын иштелип чыккан окутуу программасы жана балдарды окутуунун жаңы интерактивдүү ыкмалары, ар кандай өнүктүрүүчү иш-чараларды өткөрүү ыкмаларын колдонуу, ар кыл курактагы балдардын логикасын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү боюнча оюндарды өткөрүү, улуттук оюндар жана этнопедагогиканын элементтери менен танышты. Колдо болгон ар түрдүү материалдардан (кийиз, таш, кагаз ж.б.) оюнчуктарды жасоо.

 

Тренингдерде катышуучулардын өздөрү балдардын чыгармачыл дараметин ачуу жана өнүктүрүү үчүн, ошондой эле керектүү турмуштук жөндөмдөрдү алуу үчүн жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен – чыгармачыл өкүлдөр, педагогдор жана мектепке чейинки билим берүү борборлорунун чеберлери, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары, мыкты кол өнөрчүлөр жана активист ата-энелер менен мастер-класстарды өткөрүү долбоорлорун иштеп чыкты.

 

Катышуучулар жергиликтүү ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун, ошондой эле аларды тартуунун ыкмалары жөнүндө билди, жайлоодо жаңы Борборлорду ачуу, жергиликтүү жамаатты мобилизациялоону эмнеден жана кантип баштоо, кантип жүргүзүү керектиги жагынан усулдук жана практикалык жардам алды.

 

Бардык катышуучулар жайлоодогу Өнүктүрүү борборлорунун ишинин сапатын жогорулатуу жөнүндө Фонддун негизги сунуштамасын колдоду, алынган маалыматты, бул багыттагы идеяларды өз ишине киргизип жана колдонушат.