«ТазаБИШ» акциясы жөнүндө фоторепортаж

June 6, 2016, 06:00

4-июнда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын кызматкерлери Кадамжай жаштар фондунун жана Бишкек шаарынын Октябрь акимиатынын өкүлдөрү менен бирдикте "ТазаБИШ" 6-акциясына чыкты, ал Ботаникалык бакчанын Мөмө-жемиш өсүмдүктөр лабораториясында өттү. Кезектеги акция жыл сайын 5-июнда өтүүчү Курчап турган чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүнө арналды.

 

Бул акциянын максаты Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, шаардыктардын арасында сырттан карап байкап туруучунун эмес, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позицияларын калыптандыруу болуп саналат.