КР экс-президенти Р.Отунбаеванын Брюсселге визити болуп өттү

June 10, 2016, 06:00

КР экс-президенти Р.Отунбаева Брюсселде 2016-жылдын 30-31-майында болгон БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын имплементациялоо боюнча илимпоздордун жана практиктердин тармагынын жыйналышынын ишине катышты.


Колумбия Университетинин алдындагы Жер институтунун директору Джеффри Сакстын жетекчилиги астындагы бул тармак (SDSN) 2015-жылдын күзүндө БУУнун Башкы Ассамблеясында мамлекет жана өкмөт башчыларын бекиткен 2030 ааламдык стратегиясын иштеп чыгуучу катарында алдыда болгон. Тармак ошондой эле климаттын өзгөрүшү боюнча "Париж 2015" документтерин иштеп чыгууга олуттуу салым кошту. Азыркы учурда БУУга мүчө өлкөлөрдө 2030 ааламдык программасын турмушка ашыруу боюнча улуттук стратегияларды иштеп чыгуунун активдүү фазасы жүрүп жатат. Дүйнөнүн университеттеринде туруктуу өнүктүрүү боюнча курстар өтүлүп жатат. Африкада, Малайзияда жана Сингапурда Туруктуу өнүктүрүү боюнча атайын илимий-билим берүү борборлору түзүлүүдө, алардын максаты, туруктуу өсүш, бизнес, сервис, жумуш орундарын түзүү саясатын жана программаларын иштеп чыгууда жана турмушка ашырууда өкмөттөргө жардам берүү болуп саналат. Азыр тармак индекстерди жана көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууда, алардын базасында 2030 туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча бардык өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн прогресси бааланат. Биринчи талкуу 2016-жылдын жайында өтөт.


Р.Отунбаева ошондой эле ЕвроКомиссиянын өкүлдөрү менен жана Эл аралык кризистик топтун Президенти Ж-М Генно менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.