Жаш таланттардын поэзия кечеси

June 10, 2016, 06:00


Пост-релиз


Жаш таланттардын поэзия кечелери


2016-жылдын 9-июну


 

Поэзия кечелери программасы төмөнкүдөй жаш акындардын плеядасынын чыгармачылыгын сунуш кылды: Афина Бакирова, Эрлан Жумагазиев, Алтынбек Исмаилов, Кыял Тажиева, Сайра Батыркулова жана Заирбек Ажыматов. Кече катышуучулардын ар биринин ырларын окуудан башталды. Алсак, алып баруучу – акын Мирлан Самыйкожо чыгармачылык боюнча кесиптештеринин ар бирин тааныштырды.


Поэзиянын феномени мында турат: бардык сезимдер – сылыктык жана сүйүү, таарыныч жана ажырашуу акындардын чыгармаларында жүрөктү толкунданткан эң сонун саптарга айланат. Жаштар бул саптарда өз сезимдери чагылдырылганын байкады, ал эми улуулар булар жөнүндө мээримдүү жылмаюу менен эстеди.


Кече Меке, эне, жарандык жоопкерчилик, ар бир адамдын жашоодогу милдети жөнүндө ой жүгүртүүлөр менен аяктады.


Жакшы сезимдерди камтыган ушул жалындуу саптар курагына, жынысына же кесибине карабастан залда олтурган бардык угармандардын жүрөгүнөн уя тапты. Туулуп-өскөн мекенге карата сүйүүгө жык толгон, өмүрлүк курбуңду же келечектеги кесибиңди жакшы тандоого арналган маңыздуу жашоо – акындар өз ырларында ушуга чакырды.


Поэзияны сүйгөн адамдын жан-дили дайыма таза жана анын жаман ойлору жана аракеттери болбойт деп айтты Поэзия кечесине келген жазуучулардын бири.


Кийинки Поэзия кечеси сентябрда болот. Ырларды окугула, достор!