«Махатма Ганди жана азыркы Индия» темасына конференция болуп өттү, ал жерде ошондой эле кыргыз тилине которулган «Чындык жагынан менин эксперименттерим» китебинин презентациясы болду

June 10, 2016, 06:00

2016-жылдын 8-июнунда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде «Махатма Ганди жана азыркы Индия» темасына конференция болуп өттү, ал жерде ошондой эле кыргыз тилине которулган «Чындык жагынан менин эксперименттерим» китебинин презентациясы болду.


Конференция «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен өттү.


Иш-чара индиялык классикалык бий менен коштолгон музыкалык оюн-зоок менен жана Мохандас Карамчанд Гандинин (демейде Махатма Ганди) жашоосу жөнүндө кыска метраждуу көркөм фильмди көрсөтүүдөн башталды.


Андан кийин КР экс-Президенти Роза Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөдү, китептин котормосу анын демилгеси боюнча ишке ашырылды. Өз сөзүндө ал Индиянын калыптанышында М.Гандинин ролу жөнүндө жана анын рухунун бийиктиги жөнүндө айтты. Ал Индиядагы Гандинин музейине визиттин учурунда болгону үч нерсени: көз айнекти, сандалияны, шарфты көрдүм, башка эч нерсе жок деп айтты. Ал 400 миңге жакын адамды зомбулуктан бошотконун белгиледи жана А.Эйнштейндин Ганди жөнүндө айткан сөзүнөн мындай цитата келтирди: «Ал Индиянын эли үчүн канча нерсе жасаганы кала берсе акылга сыйбайт».


Индия калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт: анда 1,08 миллиард адам жашайт (Жер шарынын бүткүл калкынын 1/6 бөлүгү). Индия – дүйнөнүн көп улуттуу жана көп түрдүү өлкөсү, анын экономикасы дүйнөлүк экономикага улам көбүрөөк интеграцияланып жатат. Соңку он жылда жасалган кеңири экономикалык реформалар алга сүрөгөн максаттарды көздөдү.


Эбегейсиз зор жана туруктуу өсүп жаткан рынок, өнүгүп бараткан инфраструктура, татаал финансылык сектор, жөнгө салынуучу ийкем чөйрө, жеңилдиктер, туруктуу мамлекет жана мыкты экономикалык келечек Индияны инвестициялар үчүн жагымдуу кылууда. Индиянын ишкер чөйрөсү жогорку деңгээлге жана туруктуу өсүшкө жетишүүгө көмөктөшүүдө.


Ошондой эле жолугушууда КР ТИМдин статс-катчысы Данияр Сыдыков жана КР ТИМдин 4-саясий департаментинин директору Жээнбек Кулубаев сөз сүйлөдү. Өз сөздөрүндө алар бүгүнкү күндө Индия эл аралык мамилелердин жөн гана маанилүү субъекти болбостон, эң ириде таанылган региондук лидер болуп саналат деп баса белгиледи. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы саясий кызматташтык достук мамилелерге жана тарыхтын, ошондой эле азыркы замандын көз карашынан алганда пикир келишпестиктердин жоктугуна негизденет. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн кызматташтыгы орчундуу келишимдик-укуктук базага таянат, аскердик-техникалык өз ара аракеттенүү, билим берүү, маданият, маалыматтык технология жана медицина жагынан кыйла ийгиликтүү өнөктөштүк жолго коюлган.


Ошондой эле КР Улуттук илимдер академиясынын президенти А.Эркебаев, КР коомдук ишмери Э.С.Каптагаев, Индия боюнча эксперт Е.Н. Каблуков, К.Карасаев атындагы БГУнун тарых илимдеринин кандидаты Т.М.Рыскулов, Б.Ельцин атындагы КРСУнун профессору М.Н Суюмбаев, Индиянын КРдагы Элчиси Джанаят Кхобрагаде, Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи С.Кадыралиев, Кыргыз-индиялык дипломатиялык фонддун президенти Н.Кемелбаев, МУКтун президенти А.Айдаралиев, профессор М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия институтунун профессору А.Сарыбаев баяндама менен сөз сүйлөдү.


Маалымат үчүн:

 

Мохандас Карамчанд Ганди (1869-1948) индиялык улуттук боштондук кыймылынын лидерлеринин бири, идеологу. Гандинин идеялары Индиянын көп миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук аң-сезимдин өсүшүнө, конфессиялар аралык жана касталар аралык диалогго, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш болуп калды.