1-июнда «Жылдыздар» балдарга өздөрүнүн сүйүктүү чыгармаларын окуп берди

June 1, 2016, 06:00

Бүгүн, 1-июнда, борбордо Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө туш келтирилген «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү.

 

Акция удаалаш бир нече жерлерде: Эмен сейил багынын Галереясында, № 84 СОШто, Ч.Айтматов атындагы китепканада жана "Раритет" китеп дүкөнүндө өттү.

 

Акциянын алкагында балдарга Бишкек шаарынын вице-мэри Дюшембиев Бакытбек, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Мейрманова Сауле, Кристенсен Фондунун өкүлү Доолбекова Жылдыз, балдар жазуучусу Бек Жылдыз, актерлор Бакыт Осмонканов, Жениш Майрамбек уулу жана башкалар балдар жомокторун окуп берди.

 

Балдар «жылдыздардын» оозунан жомокторду угуп гана тим болбостон, ошондой эле өздөрүн кызыктырган бардык суроолорго жоопторду алып, конкурстарга катышып жана байгелерди ута алды. Жылдыздар менен акциянын уюштуруучуларды жаш угуучу ыраазы болушу жана китеп окуудан көптөгөн оң таасирлерди алышы үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашты.

 

Акцияны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурду.