«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2016-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести

June 1, 2016, 06:00

Иш-чаралардын дайджести 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 

 

2016-жылдын июнуна

 

 

 

1-ИЮНЬ - 1-ИЮНГА – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө туш келтирилген иш-чаралар

Качан: 1-ИЮНЬ 10.00дөн 18:00гө чейин

Кайда:

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы – Эмен сейил багынын галереясы, “Раритет” китеп дүкөнү

Экология боюнча видео-роликтерди көрсөтүү – "Россия" кинотеатры жана Баялинов атындагы китепкана

Телефон: 0550 328899, 0556 205305

 

 

1-ИЮНЬ - С.Жусуевдин “Тоо жанырткан чагылган” китебинин презентациясы

Качан: 1-ИЮНЬ 10.00-13.00

Кайда: № 94 орто мектеп

КР эл акыны Сооронбай Жусуевдин «Тоо жаңырткан чагылган» китеби – бул кыргыз жеринин кооздугу, анын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндө, ошондой эле балдардын кызыктуу турмушу жөнүндө балдар ырларынын жана жомокторунун жыйнагы. Китеп биринчи жолу 1985-жылы жарыкка чыккан. Бул анын экинчи жолу чыгарылышы, ал азыр толук түстүү форматта чыкты. С. Жусуевдин көзү тирүүсүндө эле КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын акын менен жолугушуусу болуп өткөн, анда ал китепти кайра басып чыгарууга анын жактыруусун алган.

Телефон: 0550413127

 

 

2, 3, 8, 11, 13, 14-ИЮНЬ – Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун уюштуруучулары жана тарбиячылары үчүн тренингдер

Качан: 2, 3, 8, 11, 13, 14-ИЮНЬ

Кайда: Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй областтары

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен быйылкы жылы жай мезгилинде бүткүл республика боюнча 3000ден ашык баланы камтуу менен 110 балдар бакчасын ачат. Тренингдин максаты – уюштуруучуларды жана тарбиячыларды балдарды өнүктүрүүнүн мааниси, өзгөчөлүктөрү жана формалары менен жана балдардын ата-энелерин алынган билимдерин иш жүзүндө жайлоологу Өнүктүрүү борборлорунда андан ары колдонуу үчүн тааныштыруу.

Телефон: 0552 600 738, 0556 549154

 

 

3-ИЮНЬ - «Устат-3» долбоорунун алкагында тегерек стол

Качан: 3-ИЮНЬ

Кайда: Талас шаары

Катышуучулар: менторлор, шакирттер, мектептердин директорлору, ИИОнун, ЖӨБнын өкүлдөрү жана башка таламдаш жактар

Телефон: 0555757096

 

 

4-ИЮНЬ – Жыл сайын 5-ИЮНДА белгиленүүчү курчап турган чөйрөнү коргоонун Дүйнөлүк күнүнө туш келтирилген "ТазаБИШ" эко-акциясы

Качан: 4-ИЮНЬ 10.00дөн 12.00гө чейин

Кайда: Гареев атындагы Ботаникалык бакча/Мөмө-жемиш лабораториясы (Ахунбаев көчөсү/ Алма-Ата көчөсү)

Аймактарды таштандылардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо. Уюштуруучулар акциянын катышуучуларына мээлейлерди жана таштандыларды чогултуу үчүн мүшөктөрдү берет. Бардык каалагандар катышууга чакырылат. "ТазаБИШ" акциясын «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ "Арча" демилгеси” жана "Ырыстан" коомдук фонддору менен бирдикте уюштурду.

Телефон: 0555 151851

 

 

4-ИЮНЬ - Социалдык бийлердин кечеси (Фонд тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы жана "Rio Social Dance School" социалдык бий мектеби менен бирдикте уюштурулду)

Качан: 4-ИЮНЬ 18.00дөн 20.00гө чейин

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында.

"RIO Social Dance School" социалдык бий мектебинен мастер-класстар.

Максат – сергек жашоо ыңгайына шаардыктардын жана борбордун меймандарынын көңүлүн буруу.

Телефон: 0550 328899, 0556 205305

 

 

4, 11 и 25-ИЮНЬ - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы

Окуй тургандар:

Жамал Сейдакматова (КР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты) - 4-ИЮНЬ 11.00дө. Орду: № 3 балдар ооруканасы

Кыргызстан калкынын Ассамблеясы - 1-ИЮНЬ 11.00дө. Орду: «Раритет» китеп дүкөнү

Мария Бочко (ИЗО боюнча педагог) - 25-ИЮНЬ 11.00дө. Орду: Энени жана баланы коргоонун улуттук борбору

Китеп окуу – бул балдардын ийгиликтүү келечегине мыкты инвестициялар. Долбоор үй-бүлөлүк китеп окуунун эң сонун салтын кубаттайт жана өнүктүрөт.

Телефон: 0550776627

 

 

8-ИЮНЬ - “Махатма Ганди жана азыркы Индия” темасына конференция

Качан: 8-ИЮНЬ 09.30да

Кайда: К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети

Конференциянын максаты – Гандинин идеяларынын маңызын, алардын азыркы индия коомуна, жаштарга таасирин талкуулоо, ошондой эле өнүгүүнүн көптөгөн векторлору боюнча, анын ичинде илимий алмашуулар, изилдөөлөр, билим берүү жана маданият жагынан эки тараптуу кыргыз-индиялык мамилелерди талкуулоо.

Конференцияга Кыргызстандын белгилүү илимпоздору, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, жазуучу-публицисттери катышат.

Телефон: 0772 85 57 10, 0552 85 57 10

 

 

9-ИЮНЬ - Жаш акындардын «Поэзия кечеси»

Качан: 9-ИЮНЬ 17.00дө

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы/кичи зал

Поэзия кечесинде Сиздерди Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажиматов, Афина Бакирова, Сайра Батыркулова, Кыял Тажиева, Мирлан Самыйкожо, Эрлан Жумагазиев, Бердибек Жамгырчиев сыяктуу жаш акындар өз таланты менен кубандырат.

Телефон: 0555773750, 0772800376, 0772 328807

 

  

15-ИЮНЬ - Устат-3 долбоорунун жзабылышы

Так убактысы жана өткөрүү орду кошумча билдирилет.

Телефон: 0555757096

 

 

17-ИЮНЬ – КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын негиздөөчүсү Р.И. Отунбаеванын «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын Билим кербенине катышуусу жана Токтогул районунун жайлоосунда Өнүктүрүү борборлорун расмий ачуу

Качан: 17-ИЮНЬ

Кайда: Токтогул району, Жалал-Абад областы

Жайлоодогу Өнүктүрүү борборлорунун расмий ачылышында театрлаштырылган ар кыл иш-чаралар, мастер-класстар, улуттук оюндар, куурчак театры жана башкалар өткөрүлөт.

Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com Тел. 0559737373 chinturgun@mail.ru , 0556 54 91 54, s.arstanbek@gmail.com

 

 

28-ИЮНЬ - КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын негиздөөчүсү Р.И. Отунбаеванын “Кыргыз шырдагы” эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалына катышуусу жана Ат-Башы районунун жайлоосундагы Өнүктүрүү борборлоруна барышы

Качан: 28-ИЮНЬ

Кайда: Ат-Башы району, Нарын областы

Бул күнү шырдактардын конкурсу, кымыз фестивалы, театрлаштырылган иш-чаралар, улуттук оюндар, кийиз буюмдарды жасоо жана башкалар боюнча ар кандай мастер-класстар өтөт.

Телефон: Тел. 0552 600 738, asanasyl@gmail.com Тел. 0559737373 chinturgun@mail.ru 0556 54 91 54, s.arstanbek@gmail.com

 

 

ИЮНЬ – Билим кербени: Бишкек шаарынын мектептеринин алдындагы лагерлердин тарбиялануучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы (Фонд тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурулган)

Так убактысы жана өткөрүү орду кошумча билдирилет.

Кайда: К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Суу музейи жана Зоологиялык музейи

Катышуучулар – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары

Телефон: 0550 328899

 

 

ИЮНЬ – Гений радио берүүсү

Качан: жума сайын 13:30 - 14:00

Кайда: Биринчи Радио

Телефон: Тел. 0552 600 738, asanasyl@gmail.com