Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун уюштуруучулары жана тарбиячылары үчүн тренинг

June 6, 2016, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Ош жана Жалал-Абад областарынын «Жайлоодогу өнүгүү борборлору - 2016” долбооруна катышкан уюштуруучулар жана тарбиячылар үчүн тренинг өткөрөт. Тренинг 2016 – жылы 7-9 июнда Ош областындагылар үчүн Ош шаарында жана Чоң-Алай районунда, Жалал-Абад областындагылар үчүн Жалал-Абад шаарында уюштурулууда. Тренинге Ош областынын 7 районунан жана Жалал-Абад областнын 6 районунан айыл округдун башчылары, бала бакча башчылары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү катышышат.


2016-жылдын жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 110 жайлоо өнүгүү борборлору ачуу пландалууда. Жайлоодогу өнүгүү борборлору тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары жай айларында күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.


Көк шиберден орун алган өнүктүрүү борборлорунда 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар келишип, ар күнү 3 саат билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өрчүтүшөт. Ар кыл курактагы балдарга арналган атайын программа иштелип чыккан. Бул борборлорго бекитилген педагогдордон тышкары, сүрөтчүлөр, шахматисттер, окумуштуулар, инженерлер, тренерлер, искусство чеберлери, белгилүү адамдар, чет-өлкөлүк өнөктөштөр келип, мастер-класстарды мезгил-мезгили менен көрсөтүп турушат. Балдарга өнөр үйрөтүшөт. Андан тышкары ата-энелер, жайыт колдонуучулар үчүн балдарды туура тарбиялоо, курактык психология, үй-бүлөлүк тарбияда атанын орду сыяктуу тренингдер, мастер-класстар болот.


Жайлоо бала бакчаларын ачуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, Жайыт департаменти, Жогорку окуу жайлар, Балдар чыгармачыл борборлору, Райондук билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашат. «Жайлоо өнүгүү борборлору» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.


Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 66 03 82, (0556) 54 91 54 телефондоруна кайрылсаңыздар (Арстанбек Сагынтай уулу) болот.