Балдар күнүнө арналган иш-чаралар

June 2, 2016, 06:00

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” ырлар жыйнагынын (экинчи басылышы) бет ачар аземи Бишкек шаарынын № 94 мектебинде болуп өттү.


Аталган иш-чаранын алкагында китеп-сүрөт көргөзмө уюштурулуп, концерттик программа тартууланды жана ошондой эле окуучулар үчүн мастер-класс өткөрүлдү.


Китептин бет ачар салтанатына Кыргыз Республикасынын эл акындары Мамеев Төлөгөн, Өмүрканов Анатай, УрманбетовТынчтыкбек, Ааматов Маркабай, сүрөтчү Бек Жайчбеков, коомдук ишмер Жамшидов Жаныбай, “Канат жана Зарина” фондунун төрайымы Кыдыршаева Клара , С.Жусуевдин балдары, бир туугандары жана ата-энелер, окуучулар катышты.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д. Кенедирбаева китептин бет ачар аземинде сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө аталган китеп «Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан басууга демилге көтөрүлгөндүгүн маалымды.


Кыргыз Эл Баатыры С.Жусуевдин көзүнүн тирүүсүндө КР экс-президенти Р.Отунбаева аталган китепти экинчи жолу басууга андан уруксат алганын жана улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы кыргыз интелегенциясынын жүрөгүндө сакталып калгандыгын белгилеп, өсүп келе жаткан жаш муундарды өзүнүн чыгармалары аркылуу ата-бабаларыбыздын руханий мурасын сактоого, өз элин, жерин сүйүүгө, аяр мамиле жасоого, чынчыл, ак ниет болууга тарбиялагандыгына токтолду.


Акын чыгармалары аркылуу Кыргызстандын мамлекетүүлүгүн бекемдөөгө зор салымын кошкон. С.Жусуев кыргыз элинин чыныгы уулуна тиешелүү сапаттарга ээ болгон. Анын 70 тен ашык ырларына музыка жазылган. Анын “Тоо жаңырткан чагылган” аттуу китебинде “Турмуш мектеби”, “Жайлоодо”, “Кекиликтин уясы”, “Бүркүт менен түлкү” , “Чоң атамдын айтканы”, “Чагылган”, “Алтын оймок”, “Топулуу торгой” ж.б.сыяктуу мектеп жашындагы кенже балдар үчүн ырлар, жомоктор камтылып, анда кыргыз жеринин керемет кооздугу, балдардын кызыктуу турмушу тууралуу баяндалат. Аталган китеп түшүнүүгө оңой, жөнөкөй жалпак тил менен жазылган.


Салтанаттуу аземге катышкан акындардын ар бири өздөрүнүн бирден чыгармаларын жана С.Жусуевдин жыйнакка кирген чыгармаларынан окуучуларга окуп беришти. Мектеп окуучулары да аталган китептеги ырлардан көркөм окуп беришти.


Ушул күнү бир эле мезгилде Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагында Сооронбай Жусуев атындагы орто мектепте акынга арналган көргөзмө менен коштолгон эскерүү иш-чарасы өттү. Бишкек шаарында 5-аянтчада: сүрөтчүлөр галереясында, Ч. Айтматов атындагы китепканада, № 84 орто мектепте, “Раритет” китеп дүкөнүндө “Жылдыздар китеп окушат” аттуу акция өткөрүлүп, анда С. Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” китеби жөнүндө кенен маалымат берилди. Бул акцияларда белгилүү инсандар Меңди Мамазаирова, Бакытбек Дүйшөнбиев, Сауле Мейрманова, Жылдыз Акаева,Асем Токтобекова, Чынара Абдыраимакунова ж.б. балдарга китеп окуп беришти.