«Балдар филармониясынын» жаркын жана кооз ачылышы болуп өттү!

May 30, 2016, 06:00

«Балдарга наристе курактан тартып музыкага карата сүйүүнү каныктыруунун эң мыкты мүмкүнчүлүгү үчүн ыракмат! Бүгүн 3,5 жаштагы кызым Каныкей менен келгем, бардыгы абдан жакты. Ал жолдо карата "Браво!" деп жүрүп олтурду», - бул билдирүү концерт аяктагандан кийин дээрлик дароо Фонддун дарегине келди. Ушундай сөздөргө арзуу оңой эмес.

 

Балдар филармониясынын ачылышы борборубуздун турмушунда маанилүү жана заманбап маданий окуя болуп саналат, анткени эми ар кыл курактагы бардык балдар концерттерге барып жана ар кандай стилдеги жана багыттагы музыка жөнүндө өз билимдерин кеңейте алат.

 

«Балдар филармониясынын» жаркын жана кооз ачылышы болуп өттү. Көрктүү кийинген балдар жана ата-энелер, бул күнү концертке келгендердин бардыгынын кубанычтуу, жакшы маанайы залда майрамдык кырдаалды түздү.

 

Биринчи концерттин учурунда угуучулар вальс, анын тарыхы жана бийдин үч молелдүү өлчөмү менен таанышты. Балдык бий боюнча Кыргызстандын чемпиондору Герасименко Никита-Мельникова Кристина, Шефлер Александр-Кадирова Амина вальстын базалык кыймылдарын көрсөттү.

 

Көрүүчүлөр камералык оркестр деген эмне экенин билди, камералык оркестрдин курамына кирген музыкалык аспаптардын аталыштары менен таанышты, алардын ар биринин үнүн укту. Алып баруучу бардыгын жаңы сөздөр – терминдер менен тааныштырды, аларды музыканы сүйгөн ар бир бала билүүгө тийиш. Мисалы, кандай учурларда "Браво" жана "Бис" деген сөздөрдү колдонууга болот.

 

Алып баруучулар жана оркестрдин жетекчиси өздөрүнүн жаш көрүүчүлөрү менен тынымсыз баарлашты жана артисттер менен көрүүчүлөрдүн ортосундагы чек бара-бара жоголду. Дирижердун бардык суроолоруна жооп бере алган эки бала концерттин аягында өздөрүн оркестрдин музыканттарынын ролунда сынап жана кала берсе дирижердун ордун убактылуу ээлей алды.

 

Концерттин программасына сүйүктүү «Күүгүм» ("Сумерки") жана "Гарри Поттер" фильмдериндеги вальс гана эмес, ошондой эле «Атасы менен кызы» ("Отец и дочь") мультфильминен музыка, «Рэйчелдин бешик ыры» ("Колыбельная Рэйчел") (бул обондун музыкасы жай романтикалык вальстын үлгүсүн көрсөтөт) же «Вальс бийлеген мышык» ("Вальсирующий кот") обондору кирди.

 

Көрүүчүлөр ХХ кылымдын белгилүү композиторлорунун ысымдары – "Индиана Джонс", "Шиндлердин тизмеси", "Жылдыз согуштары" жана, албетте, "Гарри Поттер" фильмдерине музыканын автору Джон Вильямстын ысмы менен таныша алды.

 

«Балдар филармониясы» – бул жөн гана музыка эмес, бул жаркын, музыкалык, таанып-билүүчү, өнүктүрүүчү билим берүү долбоору, ал сентябрдан тартып туруктуу негизде иштейт.  

 

Биздин жарыяларга көз салып тургула жана «Балдар филармонтясына кош келиңиздер!»