Кыргызстанда биринчи жолу «Балдар филармониясы» долбоору ишке киргизилет

May 24, 2016, 06:00

28-майда Кыргызстанда биринчи жолу «Балдар филармониясы» долбоору ишке киргизилет. Бул жөнүндө журналисттер менен жолугушууда КР экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева билдирди.

 

Анын айтымына караганда, балдарга өзгөчө көңүл бурууга убакыт жетти. «Азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөрдө «Балдар филармониялары» бар экенин көрүп турабыз. Алсак, «Балдар филармониясын» ачуу Фонддун билим берүү долбоорлорунун бири болуп калды», - деп айтты ал.

 

«Бул Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын базасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн музыкалык-билим берүү долбоору, ал үй-бүлөлүк маданий эс алуу мүнөзүндө болот. Балдар филармониясынын биринчи концерти вальс темасына арналат, Мамлекеттик филармониялык камералык оркестр ойнойт. Бул долбоордун башкы максаты – музыкалык билимдерди калыптандыруу, балдарда, өспүрүмдөрдө, жаштарда жана алардын ата-энелеринде эстетикалык сезимди өнүктүрүү», - деп белгиледи ал.

 

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын маданий сектору тездеп иштеп, мында ар кандай маданий-таанып билүү пландарын жана балдарды өнүктүрүү үчүн долбоорлорду түзүүгө тийиш. «Бизде балдар үчүн театрлар жок, алар үчүн эч ким спектаклдерди койбойт», - деп белгиледи ал.

 

Ошондой эле жолугушууда Р.Отунбаева балдар үчүн Фонд чыгарган бир катар жаңы китептерди, атап айтканда, Алтын Капалованын «Менин досторума мейманга», Сооронбай Жусуевдин «Тоо Жаңырган чагылган» жана Бексултан Жакиевдин текстинин негизинде «Манас сүрөттөрдө» китептери, сүрөтчүсү – Замир Илипов.