Быйылкы жылы 110 жайыт бала бакчасы ачылат

May 26, 2016, 06:00

Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлү, эксперт Асылбек Жоодонбеков билдирди.

 

Асылбек Жоодонбековдун айтымына караганда, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү аркасында «Өнүктүрүүнүн жайыт борборлору – 2016» долбоорун турмушка ашырууну улантат. Бул долбоор 2014-жылдан бери ишке ашырылууда, бул мезгилдин ичинде Фонд тоолордо жашаган малчылардын 300дөн ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүүгө жетише алды.

 

2014-жылы – 35, 2015-жылы 87 өнүктүрүү борбору ачылды, ал эми 2016-жылы өнүктүрүүнүн 110 жайыт борборун ачуу күтүлүп жатат.

 

«Бул долбоор жергиликтүү жамааттардын, жайыт комитеттеринин чыгармачыл бирикмелеринин өкүлдөрүнүн колдоосу менен турмушка ашырылып жатат. 2016-жылы жайыт балдар бакчалары өнүктүрүү борборлору деп аталат, тоолордо жашаган балдар үчүн ар кыл мастер-класстарды өткөрүүгө басым жасалат. Шахмат, авиамоделдөө, экология, элдик кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, сөзмөрдүктү арттыруу боюнча сабактар өткөрүлөт. Мындан тышкары, ар кандай интерактивдүү оюндар болот», - деп айтты А. Жоодонбеков.

Источник: газета "Кок Асаба" №10 от 25.05.2016 / стр. 2