«Мекендештер - 2016 тегерек столу: кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү»

May 19, 2016, 06:00

10-майда Ош мамлекеттик университетинде алдыдагы «Мекендештер-2016» Форумуна даярдыктын алкагында тегерек столдун жыйналышы болуп өттү. Жыйналышка Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Роза Отунбаева, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары А.Ж. Асанбаев, Өкмөттүн Ош областы боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Ю. Юсупов, Ош шаарынын вице – мэри И.Э. Салиев, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү, ошондой эле 2016 – Форумун даярдоо боюнча Ош мамлекеттик университетинен жумушчу топ катышты.

 

Жыйналыштын жүрүшүндө алдыдагы «Мекендештер-2016» Форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелер талкууланды, ал Ош мамлекеттик университетинин базасында 1-2-августка пландаштырылган.

 

Ушул масштабдуу иш-чара дал Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалыматка Роза Отунбаева буларды кошумчалады: Форум Жердин ар кыл булуң-бурчтарында жашаган кыргызстандыктарды чогултат жана кайталангыс аянтча болуп калат, ал жерде катышуучулар пикирлерди жана идеяларды гана алмашпастан, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөсүнө жана башкаларга инвестицияларды тартуу үчүн жол ачат.

 

Университеттин өзүндө даярдоо иштери башталды жана Университеттин кызматкерлеринин жана волонтерлордун ичинен атайын жумушчу топ түзүлдү. Даярдоо иштеринин алкагында эл аралык бөлүмдүн директору Э.Камалов «Форумдун ишине Ош мамлекеттик университетинин катышуусу жана салымы» презентациясын даярдаган. Презентацияда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүнүн, ансамблдердин визуалдык маалыматы, концерттик программалар, фольклордук музыканын аудио жазуулары, азыркы китептердин ярмаркалары сунуш кылынды.

 

Белгилеп кетүү керек, Форумдун негизги максаты бүткүл Дүйнө боюнча кыргызстандыктар менен байланыш түзүү жана аларды бириктирүү болуп саналат. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү процесстерине мекендештерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн мыкты практикаларын колдонуу, ушундай катышууну алдыдагы жылдарга кыргызстандык диаспоранын арасында кантип тренд кылуу керек деген темаларга дискуссиялар Форум үчүн өзгөчө мааниге ээ.

 

Маалымат үчүн:

 

Кыргызстандын мекендештеринин «Мекендештер – 2016» III Форуму 2016-жылдын 1-2-августунда Ош шаарында (Кыргыз Республикасы) Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

 

Ушул масштабдуу иш-чаранын максаты социалдык-экономикалык өсүш, чакан жана орто ишкерликти, мамлекеттик-жекече өнөктүктү өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бизнес түзүмдөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө чет өлкөдө жашап жаткан мекендештер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн иштиктүү платформаны калыптандыруу болуп саналат.