Фатима Абдалованын поэзия кечеси дүркүрөгөн кол чабуулар менен өттү

May 20, 2016, 06:00

Фатима Абдалованын поэзия кечеси толук аншлаг менен өттү. Акындын эне, эненин сүйүүсү жөнүндө, эне менен баланын терең байланышы жөнүндө ырлары кечеде акындын өзүнүн үнү менен жаңырды.

 

Фатима Абдалованын чыгармачылыгын көп сандаган адамдар аздектейт, бирок кечеде көпчүлүк угармандар белгилүү «Бул дүйнөнү апам менен тааныгам» деген ырдын сөздөрүн Фатима Абдалова жазганын биринчи жолу билишти. «Апокалипсис» поэзиялык чыгармасын көркөм окуу кол чабуулар менен коштолду.

 

Абдалованын ырлары, мисалы, Сирияга кеткен жаштардын тагдыры жөнүндө «Жоголгон балдар» ыры угарманды токтолуп, ойлонууга, жашоонун баалуулугун жана артыкчылыктарын аңдап-түшүнүүгө аргасыз кылат.

 

Фатима Абдалованын чыгармаларын угуу менен көрүүчү акын жашоону, анын бардык тараптарын өзүнүн дили менен угуп жана өзүнүн ойго салган ырларында чагылдырганын түшүнөт.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду КТРдин тасмага тартуучу тобуна, МАНАС КТУнун студенттеритне жана «Көчмөн» жаштар кыймылына кечени тартууга жана уюштурууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Кийинки поэзия кечеси 9-июнда Улуттук филармониянын кичи залында өтөт. Төмөнкү сайтка көз салып тургула: www.roza.kg