Р. И. Отунбаеванын Бейшеналиева атындагы Маданият жана көркөм өнөр университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушуусу болуп өттү

May 21, 2016, 06:00


КР экс-Президенти Р. И. Отунбаеванын

Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана көркөм өнөр университетинин

окутуучу курамы жана студенттери менен жолугушуусунун пост-релизи


 

 

20-майда Р. И. Отунбаеванын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана көркөм өнөр университетинин (КММКУ) студенттери жана окутуучулары менен жолугушуусу болуп өттү. 1967-жылы негизделген ЖОЖ 1974-жылы СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын ысмын алып жүрүү укугуна ээ болгон. ЖОЖдо 1300 студент окуйт.

 

Жолугушууда Р. И. Отунбаевага Бейшеналиева атындагы Маданият жана көркөм өнөр университетинин ардактуу профессорунун наамы ыйгарылды. Өз кайрылуусунда Р. Отунбаева белгилегендей, бул бардык студенттери талантуу ЖОЖ.

 

Ал Фонддун маданий, билим берүү программалары жөнүндө айтып берди жана региондордо маданиятты өнүктүрүү, музыкалык жана маданий программалар менен чет жакаларга барып туруу, балдар үчүн программаларды түзүү чакырыгы менен студенттерге кайрылды.

 

50 жыл мурда кыргыздын чакан Таш-Дөбө айылынан чыккан кыз Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытты. Кыргыз балети жана операсы зор ийгиликтерге жетишти, адамдар театрларга, балетке, операга, китепканаларга, көргөзмөлөргө жан дили менен барчу.

 

Айрым өлкөлөрдө, мисалы, Улуу Британияда музыкалык индустриядан түшкөн кирешелер, металлургиядан алынган кирешелерден жогору. Ошондуктан маданий индустрияны, креативдүү экономиканы өнүктүрүү Кыргызстан үчүн ишке орноштуруунун жана кирешенин булагы болуп калышы мүмкүн.

 

Кыргызстан өзүнүн жаратылышы менен инвестициялар жана жашоо үчүн жагымдуу – кыргызстандыктардын милдети жагымдуу экономикалык жана саясий чөйрөнү гана эмес, ошондой эле музейлерде – кызыктуу бай экспозициялар коюлган, театрларда жаңы оюн-зооктор, анын ичинде балдар үчүн оюн-зооктор коюлган маданий чөйрөнү түзүү.

 

Ошондуктан бардык чыгармачыл күчтөр мастер-класстар жана музыкалык-билим берүү программалары сыяктуу иштин жаңы формаларын түзүүгө тийиш.

 

КММКУнун студенттери Ысык-Көлдөгү пансионаттарда жана эс алуу үйлөрүндө иштеп, туристтер үчүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк маданий-оюн-зоок программаларын коюп, маданиятка жана көркөм өнөргө адамдар жете албаган жайлоодогу балдар бакчаларына жана эң алыскы региондорго бара алат.

 

Коомубуздун көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын түшүнүүгө жана маданият ишмерлеринин, чыгармачыл ЖОЖдордун студенттеринин жигердүүлүгүнө жана салымына азыр өтө көп нерселер байланыштуу. Кыргызстандын келечеги – ал кандай – караңгы жана түшүнүгү жок же ачык, динамикалуу өнүккөн болушу маданияттын жана агартуунун деңгээлине байланыштуу.

 

Жолугушуунун аягында Р. И. Отунбаева студенттердин суроолоруна жооп берди.