Туңгуч балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата

May 25, 2016, 06:00

Жыл башталгандан бери, “Тарых жана маданият жылынын” алкагында бир топтогон маданий иш-чаралар өткөрүлүп келатат. Алардын бири катары, тунгуч балеринабыз Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата, январь айынан тарта эскерүү кечеси, илиий конференциялар уюштурулуп келет.

 

Бул ирээт Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын алып жүргөн окуу жайдын студенттери менен КР экс Президенти Роза Отунбаеванын жолугушусу болду.