Роза Отунбаева: «Балдар менен иш алып баруу - фонддун жүзү болуп саналат»

May 24, 2016, 06:00

Бул тууралуу бүгүн экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева журналисттерге өткөн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, балдар менен иш алып баруу бул фонддун жүзү болуп саналат. Бүгүнкү күндө балдарга көбүрөөк басым жасап, алар менен бирге көбүрөөк иш алып барууга убакыт келди. Кайсы өлкөдө болбосун балдар филармониясы иш алып барганын көрүп жатабыз. Мындан улам фонд тарабынан балдар менен иштөө максатында уюштурулуп жаткан “Балдар филармониясы” долбоорунун жакын арада өз ишин баштаганы турат.


“Көпчүлүкө маалым болгондой 28-майда “Балдар филармониясы” долбоорунун ачылышы болгону турат. Иш-чара Т.Сатылганов атындагы улутутук филармониянын базасында уюштурулат. Балдар жана өспүрүмдөргө арналган бул музыкалык-билим берүү долбоору үй-бүлөлүк маданий эс алууну тартуулаганы менен айырмаланат. “Балдар филармониясы” балдарды музыка угууга үйрөтөт”, - деди Р.Отунбаева.


“Жаңы уюштурулуп жаткан долбоордун башкы максаты – өспүрүмдөрдүн, балдардын, жаштардын жана алардын ата-энелеринин музыкалык билимин калптандырып, эстетикалык табитин өнүктүрүү болуп саналат. Ал эми анын өзгөчөлүгү балдар ата-энелери менен биргеликте келиши шарт. Алгачкы концерт вальс темасына арналып, анда Мамлекеттик филармоникалык камералык оркестр ойнойт”,-деп кошумчалады ал.


Мындан сырткары, Р.Отунбаева биздин театрлар, адабияттар дегеле кайсы жагынан карабайлы балдарга көп көңүл бурулбайт. Балдар менен иштөө маселесине маданият тармагы дагы өз кезегинде көңүл буруп, иш алып баруусу зарыл экендигин айтты.

Бишкек, 24-май /Минара Ибраева-Кабар/