«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду балдар үчүн 3 китеп басып чыгарды

May 24, 2016, 06:00

Бул тууралуу бүгүн экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева журналисттерге өткөн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында өлкөбүздө балдарга арналган китептер жетишсиз. Ошондуктан фонд балдарга арнап 3 китеп чыгарып жатат.


“Балдар үчүн арналган китептердин алгачкысы КР Эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” китеби экинчи ирет басылып отурат. Китеп 1985-жылы чыгыптыр. Анда кыргыз жеринин кооздугу, жаратылышы жана балалыктын кызыкка толгон учуру жөнүндө жазылган балдар ырлары жана жомоктордон турган жыйнак. Китепте балдар үчүн арналган эң сонун ырлар камтылган экен. Аталган китеп эң эле оңой жана жеңил, жалпак тил менен жазылган. Бул кичинекей китеп болгону менен эч жерде жок, табылгыс китептердин бири. С.Жусуев залкар акындарыбыздын бири. Жакын арада бул китепти мектептерде дагы бет ачарын жасайбыз”,-деди Р.Отунбаева.


“Экинчи китеп болсо “Досторума конокто” деген аталыш менен чыгардык. Бул китеп фонддун 2014-2015-жылдары ишке ашырган “Музыка элдин жаны” музыкалык билим берүү долбоорунун уландысы болуп саналат. Долбоор көрүүчүлөргө кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын чагылдырган 12 концерттен турган серияны тартуулаган. Китептин өзгөчөлүгү Кыргызстанда жашаган 12 этносторду чагылдырып берип жатабыз. Анда алардын жүрүш турушу, кийим кечелери, балдар оюндары, ар бир улутка таандык өзгөчөлүктөр камтылган. Мындай китеп Кыргызстанда алгачкы жолу чыгып жатат. Бул дүйнө жүзүндөгү жаңы бир форма деп айтсам жаңылышпайм”,-деди ал.


Ал эми үчүнчү китеп жакында басылып чыкканы турат. Ал “Манас сүрөттөрдө” деп аталды. Аталган китеп өзүнүн мазмуну жана жасалгалышы боюнча уникалдуу мүнөзгө ээ. Китеп орус тилинде болгондуктан, ал ар түрдүү курактагы окурмандардын кеңири катмарынын таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.


“Манастын” сүрөттөр түрүндө басылып чыгышы – бул дүйнөлүк тренд. Анткени, анда тексти аз болуп, көбүнчө сүрөттөр менен коштолуп жеткиликтүү форматта экендиги менен баалуу”,-деп кошумчалады Р.Отунбаева.

Бишкек, 24-май /Минара Ибраева-Кабар/.