«Жайлоо бала бакчалары-Өнүгүү борборлору” - 2016

May 23, 2016, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташтыкта “Жайлоо өнүгүү борборлору-2016” долбоорун улантат.


Долбоор 2014-жылдан бери фонд тарабынан колго алынып, эки жылдын ичинде 3000 дөн ашык тоо шартында жашаган малчылардын балдарынын ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түздү. 2014-жылы Республиканын аймактарында 35, 2015-жылы 87, ал эми быйылкы 2016-жылында 110жайлоодогу өнүгүү борборлорунун ачылышы күтүлүүдө.


Бул долбоор жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин, чыгармачыл мекемелердин колдоосу менен ишке ашууда.Ийгиликтүү жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлорунун натыйжалары жайыт комитеттеринин талбаган иш-аракети, жайыт колдонуучулардын кайдыгер эместиги, жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иш-аракетине байланыштуу. 2014-2015 жылдардагы ишмердүүлүк боюнча отчет жана видео фильм менен www.roza.kg сайты аркылуу кеңири тааныша аласыз.


Бул жылы жайлоо бала бакчалары “Өнүгүү борборлору” деп аталып, тоодогу балдар үчүн ар кыл мастер класстардын өткөрүлүшүнө басым жасалат. Алардын ичинде элдик кол өнөрчүлүк, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экологиялык сабактар, дене тарбия, сөз өстүрүү, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу жана ар кыл интерактивдүү оюндар кирет.


“Жайлоодогу өнүгүү борборлору – 2016” долбоору бул жылы жайлоодогу балдарга жана ата-энелерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө басым жасайт. Азыркы күндө Республикабыздын бардык аймактарынан 50 дөн ашык волонтерлор, педагогдор бул борборлорго барып иштей тургандыктарын билдиришти. Алардын ичинен 10 дон ашыгы чет өлкөлүктөр. Бул долбоор аймактардагы жайкы лагерлердин жанданышына түрткү болгондугу кубандырат.


Урматтуу журналисттер, “Жайлоодогу өнүгүү борборлору-2016” Сиздерди кызматташууга чакырат. Республиканын бардык аймактарында жайгашкан борборлорго барып, балдар, ата-энелер жана педагогдор менен баарлашыңыздар. Борборлордун иштешине өзүңүздөр күбө болуңуздар. Сиздер менен кызматташууга кызыкдар экендигибизди билдиребиз.


Кошумча маалымат алуу үчүн 055654 9154, 0771 388 596 телефондоруна кайрылсаңыздар.