Ecologic: балансты сактай билген гана жеңет

April 23, 2016, 06:00

Биздин Фестивалга катышуу үчүн бизге мейман Россия Илимдер Академиясынын И.М. Сеченов атындагы Эволюциялык Физиология жана Биохимия Институтунун (РАН ИЭФБ) илимий кызматкери, "Эколоджик/Ecologic" оюнунун авторлорунун бири – Марат Сабиров келди. Ал "Ecologic" оюну боюнча мектеп окуучулары жана студенттер үчүн бир катар мастер-класстарды өткөрөт. «Ecologic» – столдо ойнолуучу иштиктүү оюн, экологиялык-экономикалык стратегия. Оюндун негизги максаты – өнөр жайдын экономикалык кызыкчылыктарынын жана өнүгүүнүн экологиялык факторлорунун акылга сыярлык балансынын жолун көрсөтүү.

 

Видео үчүн Билим берүү фестивалынын маалыматтык өнөгү "Азаттык" радиосуна ыракмат.