IV Билим берүү фестивалынын экинчи күнү кызып турган учуру

April 23, 2016, 06:00

Билим берүү фестивалынын экинчи күнү кызып турган учуру!

 

Кошулгула!

 

Маанилүү жана кызыктуу нерселерди өткөрүп жибербегиле!


 

Фестивалдын аймагы 7 класска интерактивдүү аянтчаларга бөлүнөт, ал жерлерде эки күн бою билим берүү көргөзмөлөрү, ярмаркалар, семинарлар, конкурстар, викториналар, мастер-класстар жана концерттер өткөрүлөт. «Бардыгы үчүн билим», «Кесиптик Форум», «Китеп текчеси», «Билимбектин лабораториясы», «Жомок Дүйнөсү», «Спорттук класс» жана «Концерттик-театралдык класс» класстарында ар бир адам өзү үчүн кандайдыр-бир кызыктуу нерселерди таба алат.

 

Фестивалдын экинчи күнү Бишкек шаарынын ортосунда Курманжан Датканын эстелигинин айланасындагы Тыныстанов көчөсүнөн тартып Раззаков көчөсүнө чейинки аянтчада өтөт, бул – Эмен сейил багынын, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунун, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын аймагы.