Мария Колесникова: «Билим берүү фестивалы жыл өткөн сайын алда канча сапаттык деңгээлге көтөрүлүп жатат»

April 23, 2016, 06:00

Бүгүн, 22-апрелде, Бишкекте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында “Экология жана адамдын ден соолугу” темасына төртүнчү Билим берүү фестивалы өз ишин баштады. Бул иш-чаранын уюштуруучулары: “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы. Эске сала кетсек, эко-долбоордун максаты сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү түзүү максатында сырттан карап байкап туруучунун позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

Эко-долбоордун жана билим берүү фестивалынын PR-адиси Мария КОЛЕСНИКОВА билдиргендей, билим берүү фестивалы, балдар, жаштар жана ата-энелер үчүн ар жылдагы эки күндүк фестиваль. Бул иш-чара салтка айланып калды жана 2013-жылдан бери Бишкекте өтүп жатат, ал өзүнө балдар жана мектеп билим берүүсүнүн чөйрөсүндө ярмарканын жана балдардын чоң майрамынын жана кесиптик форумдун форматын өзүндө айкалыштырат.

 

Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөө жөндөмдөрүн каныктыруу, ошондой эле эң кенже курактан тартып өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулуу, ал эми ата-энелер үчүн билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрүн кеңири спектрин билүү жана аны менен таанышуу.

 

Фестивалдын аудиториясы болуп мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар, жаштар, ата-энелер, ошондой эле мектепке чейинки мекемелердин педагогдору, психологдору, тарбиячылары жана билим берүү чөйрөсүнүн башка кызматкерлери саналат.

 

Фестивалдын расмий ачылышы бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында өтөт. Ачылышка Фонддун жетекчисинин – фестивалды уюштуруучу Роза Отунбаева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкектин мэриясынын өкүлдөрү, КММАнын жетекчилиги жана башкалар катышат деп пландаштырылып жатат. Азыркы төртүнчү билим берүү фестивалы экологиянын ден соолукка таасирине басым жасайт.

 

Бул болсо фестивалдын бардык меймандары эки күндүн ичинде медицинанын жана экологиянын таң калыштуу дүйнөсүнө аралаша тургандыгын билдирет. Фестивалдын программасы өтө бай. Булар бардык мүмкүн болгон мастер-класстар, шоулар жана концерттер, конкурстар жана викториналар, ар кандай тажрыйбаларды көрсөтүү, экскурсиялар, экологиялык кинолорду көрсөтүү, ден соолук боюнча лекциялар жана консультациялар жана көптөгөн башка иш-чаралар. Фестиваль КММАнын башкы корпусунда гана эмес, ошондой эле Турар Касымбековдун жетекчилиги астында КММАнын медициналык борборунда өтөт, ал оорукананын күндөлүк турмушу жөнүндө, иши жөнүндө айтып берет. Ошондой эле КММАнын Морфологиялык корпусунда жана анын футбол жана баскетбол аянттарында өтөт.

 

“Жыл өткөн сайын биздин Билим берүү фестивалдарыбыз балдарга, жаштарга жана чоң кишилерге улам көбүрөөк белгилүү болуп баратат. Мисалы, 2013-жылдын 18-19-майында өткөн биринчи Билим берүү фестивалы 20 миңден ашык катышуучуну, 150дөн ашык катышуучу уюмду, 150дөн ашык волонтерду чогулткан, 350дөн ашык иш-чараларды өткөргөн. Ушул сыяктуу эле кийинки билим берүү фестивалы көп сандагы катышуучуларды камтыды. Белгилеп кетүү керек, Билим берүү фестивалы жыл өткөн сайын улам жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп жана катышуучулардын улам көп аудиториясын чогултуп жатат.

 

Азыркы фестивалдын өзгөчөлүктөрү – бул фестивал эл аралык деңгээлдеги чыгып жаткандыгы. Быйылкы жылы Санкт-Петербургдан Марат Сабиров чакырылды, ал «Ecologic» эко-оюнун презентациялайт. Ошондой эле жогорку класстардын окуучулары, студенттер жана чоң кишилер үчүн быйылкы жылы КММАнын Анатомиялык музейи жана Пластинация музейи өз эшиктерин ача тургандыгы фестивалдын катышуучуларына кызыктуу болот.

 

Фестивалдын иш-чарасынын арасында ошондой эле экологиялык билим берүү боюнча мугалимдер үчүн лекторий, климаттын өзгөрүшү жана ден соолук, мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүдө улуттук оюндардын ролу жөнүндө лекциялар, Конфуций институтунан көз үчүн гимнастика жана башка көптөгөн маселелер бар”, - деп белгиледи Мария Колесникова.

 

Фестивалдын аймагы 6-7 класска/интерактивдүү аянтчаларга бөлүнөт, ал жерлерде эки күн бою билим берүү көргөзмөлөрү, ярмаркалар, семинарлар, конкурстар, викториналар, мастер-класстар жана концерттер өткөрүлөт. «Бардыгы үчүн билим», «Кесиптик Форум», «Китеп текчеси», «Билимбектин лабораториясы», «Жомок Дүйнөсү», «Спорттук класс» жана «Концерттик-театралдык класс» класстарында ар бир адам өзү үчүн кандайдыр-бир кызыктуу нерселерди таба алат.

 

Фестивалдын экинчи күнү, башкача айтканда 23-апрель, Бишкек шаарынын ортосунда Курманжан Датканын эстелигинин айланасындагы Тыныстанов көчөсүнөн тартып Раззаков көчөсүнө чейинки аянтчада өтөт. Бул – Эмен сейил багынын, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунун, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын аймагы.

 

Ал учурда билим берүү фестивалдары И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде өткөн.

 

“Бул фестивалдарды ЖОЖдордо өткөрүү бул улан-кыздарга – келечектеги бүтүрүүчүлөргө, потенциалдуу абитуриенттерге өзүнүн келечектеги кесибин аныктоого жана тандоого жардам бере тургандыгы менен байланышкан. Алар ЖОЖдорго келгенде университеттер жана адистиктер менен жакындан таанышып, бул аларга өздөрүнүн кесиби кайсы экенин түшүнүүгө жана өз тандоосун жасоого жардам берет”, - деп белгиледи Мария Колесникова.

 

Анын айтымына караганда, ошондой эле билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ярмаркасы, кайрымдуулук ярмаркасы, Эко-Базар, “Сейтек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда жана Орус драма театрында спектаклдер, Таэквондо, футбол, Америкалык футбол федерацияларынан көрсөтмөлүү оюндар, “Кечиктирилгис жардам”, “Экстремалдык хирургия”, “Дарылоочу дене тарбия” класстары, “Жигердүү шаардык, сен кимсиң?” темасына ЖОЖдор аралык КВН жана башка көптөгөн иш-чаралар өтөт.

  

Айнура КАНИМЕТОВА,
«Кутбилим»