Мектептин түшкү тамагы даамдуу жана пайдалуу болушу мүмкүн

April 23, 2016, 06:00

Төртүнчү билим берүү фестивалынын биринчи күнүнүн алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын “КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерлетүү” долбоорунун аянтчасы иштеди. Аянтчанын ишине эң мыкты чеберлер – Шеф ашпозчулардын ассоциациясы жана № 10 кесиптик лицейи катышты. Биздин шеф ашпозчуларыбыз Бишкек шаарынын мектеп ашпозчулары үчүн эртеден кечке чейин мастер-класстарды көрсөттү.

 

Ашпозчулар ашкабак-жасмык шорпосун жана зире кошлган бар кой буурчактан жасалган шорпону жасоону көрсөттү. Алардан даам сызып көргөндөрдүн баардыгы шорполор азыктуу заттарга өтө бай жана даамдуу болгонун белгиледи.

 

Экинчи тамакка дароо 3 аш даярдалды – булар булгур кошулган тооктон жасалган котлеттер, кызыл жасмыктан жасалган палоо жана төө бурчактан жасалган котлеттер. Меймандар бул тамактардын демейдегиден башкача даамына жана курамына аң-таң болду. Алар бардык тамактардан жан-дили менен даам сызды.

 

№ 10 кесиптик лицейдин шамдагай ашпозчулары төө бурчакты, сояны, машты кошуу менен өтө пайдалуу жашылча салаттарын даярдады.

 

Таттуу тамактардан кекстер жана быштагы бар чакан-сочинскийлер болду, алар бири калбай бардыгына жакты.

 

Мастер-класстын максаты мектеп тамак-ашы үчүн пайдалуу жана тоюмдуу тамактар бул татаал эмес жана өтө даамдуу экендигин көрсөтүү болду! Биз мастер-класс эң жакшы өткөнүн сыймыктануу менен айта алабыз!!!