Фоторепортаж: IV Билим берүү фестивалынын ачылышы

April 23, 2016, 06:00

Бүгүн И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) көптөн бери күткөн IV Билим берүү фестивалы старт алды, быйылкы жылы ал “Экология жана адамдын ден соолугу” темасында өтүп жатат.

 

Бул иш чарага катышып жаткан Кыргызстандын Биринчи ледиси Раиса Атамбаева ушул долбоорду демилгелегендиги үчүн Р. Отунбаевага Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан жеке ыраазычылык билдирди жана бул фестивалдын маанилүү экенин айтты. “Бул иш-чара бизди жана балдарды экологиялык көйгөйлөр жөнүндө ойлонууга үйрөтөт жана курчап турган чөйрөгө, ошондой эле өз ден соолугуна аяр мамиле кылууга чакырат. Мамлекеттин жана улуттун келечеги биздин балдар кандай болуп өсө тургандыгына байланыштуу. Бул фонд биздин балдарды чыгармачылыкка жана туура тамактанууга, ошондой эле өзүнүн күндүзгү бош убактысын бөлүштүрүүгө жөндөмдөрдү үйрөтөт. Бул өтө зор иш”, - деп белгиледи Р.Атамбаева.