Бишкекте Билим фестивалы өттү

April 23, 2016, 06:00

"Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду төртүнчү ирет уюштуруп жаткан иш-чара “Терең билим - кенен келечек!” ураанынын астында өттү. Анын алкагында билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн жармаңкеси, эко-базар, китеп текчеси, гүлдөрдүн көргөзмөсү, экскурсиялар, мастер класстар, медициналык кеңешмелер, мелдештер уюштурулду.

Айгерим Акылбекова жана Бексултан Абибакир уулу
 Азаттык