Мектеп ашпозчулары үчүн мастер-класс уюштурулду

April 21, 2016, 06:00

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен бүгүн Бишкектеги №10 кесиптик окуу жайда Чүй облусундагы мектептердин ашпозчуларына баш калаадагы мыкты деген ресторандардын башкы ашпозчулары мастер-класс өтүштү.

 

Бул иш-чаранын башкы максаты - мектептеги балдардын саламаттыгын чыңдоо жана туура тамактануусун, ошондой эле аларды тейлеген адамдардын коопсуздугун жакшыртуу.

 

Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун мектептеринин адистерине Кыргызстандын башкы ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов сабак берди.

Азаттык