Ысык-Көл областынын райондорунда жана шаарларында ысык тамакты киргизүү боюнча бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн

April 16, 2016, 06:00

5-апрелден тартып 8-апрелге чейин БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Ысык-Көл областынын пилоттук мектептеринин базасында райондордо жана шаарларда ысык тамакты киргизүүнүн стратегиялык пландарын түзүү боюнча бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн.

 

Жолугушуулардын уюштуруучулары:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ – долбоордун координатору Кайыкова Р.Ж.

Долбоордун ассистенти Жээмбаева Н

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы – Уметалиева Айша, Аскарова Гулжанат, Урманбетов Нурлан

Техникалык баа берүүнү жүргүзүү боюнча топтун жетекчиси – Макаева В., Балкунова Н.

Ысык-Көл областы боюнча КР ӨЫӨ бөлүм башчысы Исакова Б.С

 

Жолугушуулардын максаты:

1. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы «Мектепте тамак-ашты ылайыкташтыруу» программасы менен таанышуу;

2. Техникалык баа берүүнүн натыйжалары менен таанышуу;

3. Мектептин, райондун, областтын стратегиялык планын түзүү;

 

Жолугушуулардын катышуучулары:

Мектептердин директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жана вице-мэрлер, Шаардык Билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана орун басарлары, мэриялардын жана Балыкчы жана Каракол шаарларынын Шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетектөөчү адистери.

Ошондой эле акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мектептердин директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук финансы бөлүмдөрүнүн башчылары, Тоң, Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети Өгүз райондорунун башкы жана жетектөөчү адистери.

 

Ар бир райондо жана шаарлардагы иш чаралар төмөнкү формат боюнча болуп өттү:

 

2016-ж., 7-апрель, саат 9:00. Ак-Суу району, Үч-Кайнар айылы, Асаналиев атындагы орто мектеп.

 

Ак-Суу районунун 22 мектебинин директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Орузбаева Г.Т, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Темиралиев М, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Дадыбава Н, райондук ФБ начальниги, Отрадное айыл аймагынын башчысы Садамбекова Ч, Челпек айыл аймагынын башчысы Жыргалов Э, Кара-Жал айыл аймагынын башчысы Бараканов С, Ак-Чий айыл аймагынын башчысы Дорбаев М, Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Осмонбаев. Бардыгы болуп жолугушууга 34 киши катышты.

 

Куттуктоо сөз менен «Роза Отунбаеванын дмилгеси» ЭКФнын «КР мектепте тамак-ашты алга илгерилетүү» долбоорунун координатору Р.Ж. Кайыкова чыгып сүйлөдү. Ал бардык балдардын укуктары бирдей экендигин, ар бир бала мектепте ысык тамак менен камсыз болууга укуктуу экенин айтты. Бирок Ак-Суу районунда мектептердин 50%ы ылайыкташтырылган тамактанууга өткөрүлгөн, ал эми бүгүнкү жолугушууга катышып отурушкан калган жарымында, алардын мектептеринде тамактандыруу али ылайыкташтырылган эмес. Бул көйгөй жагынан бүгүн да жана мындан ары карай дагы жигердүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыра бермекчибиз деп айтты ал жана мектепте тамактандыруунун балдардын ден соолугу үчүн ролунун маанилүүлүгү, КР тамак-ашты ылайыкташтыруу программасы жөнүндө, ушул программаны жүзөгө ашыруудагы ЖӨБнын, ата-энелердин жана жергиликтүү жамааттардын ролу жөнүндө: “КР мектептеринин башталгыч класстарынын окуучуларына мектеп тамакт-ашын уюштуруунун жана ылайыкташтыруунун жолдору” деген темада бет ачар өткөрдү. .

 

Райондук билим берүү башчысы М.У. Темиралиев Мектепте тамак-ашты ылайыкташтыруунун мамлекеттик программасын жүзөгө ашырууда көмөк көрсөткөндөрдүн бардыгына терең ыраазычылыгын билдирди. Анан алардын районундагы мектептердеги тамактандырууну 100% ылайыкташтыруу жагынан биргелешип иштөөнү уланта беришерин белгиледи.

 

Андан кийин акимдин орун басарына сөз берилди, ал мектептерге баа берүүнү өткөргөндүктөрү үчүн жана райондун мектептеринде мамлекеттик программаны киргизүүдө көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазылык билдирди жана өз кезегинде, жаңы окуу жылында ылайыкташтырууга карата даяр болуучу мектептер бар экенине аларга өздөрү тараптан бардык зарыл болгон жардамдар көрсөтүлө турганына ишендирди. Анын үстүнө райондук билим берүү бөлүмү Ак–Суу районунда ысык тамакты ылайыкташтыруунун жетиштүү жакшы тажырыйбасы бар экенин дагы өзгөчө баса белгиледи.

 

Асаналиев атындагы орто мектептин директору тарабынан мектептин ашканасына экскурсия өткөрүлдү, анда ысык тамак берүүнү бардык процесси көрсөтүлдү. Ал күнү мектептеги балдар толук кандуу ысык тамак менен камсыз кылынганы, ал аш болумдуу жана жагымдуу жагдай экени бардыгына түшүнүктүү болду, анткени ашканада абдан дилгирлик менен тамактанып отурушкан балдардын көздөрүнөн кубанычтын учкуну чачырап турду.

 

Бардык райондордогу бет ачарлардын программасы ирдиктүү.

 

Андан кийин техникалык баа берүү боюнча топтун координатору В. Макеевага сөз берилди. Ал натыйжалар жаатында бет ачар өткөрдү: Ак-Суу районунда тамактандыруунун жакшыртылган моделине өтүүнүн планын түзүү боюнча техникалык колдоо көрсөтүүнүн алкактарында муктаждыктарга баа берүү. Баа берүүнүн максаттары, компоненттери жөнүндө айтып берди.

 

Баа берүүгө бардыгы болуп 19 мектеп камтылган, алардын ичинде 1 – башталгыч мектеп, 17 – орто мектеп, 1 – толук эмес орто мектеп болгон.

• 1-топ – 4 мектеп (21 %)

• 2-топ – 6 мектеп (32%)

• 3-топ – 7 мектеп (37%)

• 4-топ – 2 мектеп (10%)

 

Ар бир мектепке бардык сунуштамалары менен, алардын мектебине баа берүүнүн натыйжалары берилди.

 

Пилоттон сыртта калган бардык мектептер, өз мектептеринде ысык тамактандырууга өтүүгө абдан ынтызар экендиктери, бирок финансылык мүмкүнчүлүктөргө гана ээ эмес экендиктери жаатында тыянак чыгарылды. Директорлордун бардыгы тамак даярдоочу жайга жана ысык тамакты уюштурууга тийиштүү өздөрүн кызыктырган суроолорду бере алышты. Ошондой эле МТО программасын баштоого абдан катуу ынтызар болушкан, бирок ишти азыркы тапта эмнеден баштаарын билбеген 3-4 мектептин жетекчилеринин даярдыктар жөнүндө суроолору болду.

 

Ар бир мектеп боюнча документтердин толук пакеттери көрсөтүлгөндөн кийин, бардыгы өздөрүнүн мектептеринде тамактандыруунун мамлекеттик программасын киргизүүнүн стратегиялык пландарын түзүүгө киришишти. Ар бир мектепке төмөнкүдөй форматтыгы 2 форма берилди:

• Мектепте мектеп тамак-ашын берүүнү өнүктүрүүнүн планы;

• Мектепте мектеп тамак-ашын берүүнү өнүктүрүүнүн финансылык планы.

 

Бул 2 форма ата-энелер комитеттеринин жана ЖӨБ өкүлдөрүнүн, айыл аймактарынын башчыларынын жана жамааттын катышуусу менен толтурулат, областтын райондорунун алкактарында мектептерде ысык тамактандырууну киргизүүнүн райондук пландары жана областтык стратегиялык пландары ырааттуу түрдө түзүлөт.