Мектеп тамагы: аймактардан пикирлер

April 17, 2016, 06:00

2015-жылы «Мектепте тамак-ашты ылайыкташтыруу» долбоорунун командасы Талас облусунда иш сапарда болгон. Ошол иш сапардын убагында биздин кесиптештерибизди обуасть боюнча айдоочу Кубаныч Жамаев алып жүргөн. Кечээ күнү биз андан фото сүрөттөрү менен мындай деген кат алдык:

 

"Мен азыр Таласта Аманбаев айлында жүрөм, мектепке кирсем балдар тамак ичип жатышыптыр, буюрса силердин долбоор ишке ашыптыр, кызыгып жеп дагы көрдүк, аябай даамдуу экен. Өзүбүз күбө болдук!"


Биздин Фонддун иштери балдардын тамактануусун жакшыртууга жардам берип жатканына, ошондой эле жер-жерлерден жагымдуу жактырууларга ээ болуп жатканына биз абдан кубанычтабыз.