Ивановка айылынын жаштары «Таза жана бакубат айыл үчүн!»

April 18, 2016, 06:00

2016-жылдын 17-апрелинде «Мекендештер» Форумунун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенттери менен биргеликте Эл аралык жаштардын кызмат кылуу күнүнө жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында «Таза жана бакубат айыл» долборунун аякташына карата футбол боюнча достук беттешүүгө катышышты.

 

2016-жылдын 23-мартынан 17-апрелине чейин Ивановка айылында «Таза жана бакубат айыл» долборунун алкактарында бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Бул долбоор Ивановка айылынын жаштарынын демилгеси боюнча ишке ашырылды, анын башкы максаты Ивановка айылдык аймагынын тургундарынын көңүлүн курчап турган чөйрөнүн булгануу жана сергек жашоо көйгөйлөрүнө буруу болгон. Азыркы убакта ТКЧ жумушкерлери тургундар тарабынын ыргытылган катуу калдыктар абдан чоң көлөмүнөн улам көчөлөрдөн таштандыларды ташып кетүүгө үлгүрбөй жатышат. Адамдар көп жашаган жерлерде катуу калдыктарды ыргытуу үчүн шарттардын жоктугунан улам, тургундар таштандыларды коомдук жерлерге дагы ыргытышууда, бул антисанитардык абалга алып келүүдө жана ар түрдүү оорулардын таралышына себепкер болууда, жакында жайдын аптаптуу күндөрү келерин эске алганда абал мындан дагы курчуйт.

 

Ивановка айылынын мектептеринин окуучулары, «Френд Азия» Корей борборунун жана FLEX воленторлору тарабынан долбоорду ишке ашыруу убагында 23-марттан 17-апрелге чейин эмгек жамааттарында, мектептерде жана балдар бакчаларында тренингдер жана ишембиликтер өткөрүлдү жана курчап турган айлана чөйрөнүн булгануусундагы адамдын ролу жөнүндө видеороликтер көрсөтүлдү. Долбоордун катышуучулары айылда таштанды ыргытуучу үкөктөрдү эле эмес, ошондой эле желим ийдиш таштандыларды орноушту. Долбоор аяктаганда 17-апрелде балдар футбол боюнча достук беттешүү уюштурушту, ага Ивановка айылдык округунун 4 командасы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2 командасы катышты. Беттешүүлөрдүн жыйынтыгында 1 жана 2-орундарды Башкаруу академиясынын командалары жана 3-орунду «Шинник» командалары ээледи. Командалардын оюнчуларына сыйлык катары «Мекендештер: Кыргызстандын келечегине салым» китептери, ошондой эле «ФрендАзия» ӨЭУ эстелик сыйлыктары тапшырылды. Ивановка айылынын жаштары бул долбоор жакшы жөрөлгөлөрдүн башталышы гана экенине жана алар мындан ары карай айылдагы тазалыкты сактоо жана айылдаштарды таштандыларды туура сортоого жана сергек жашоо ыңгайына көнүүгө окутуп-үйрөтүү боюнча башка демилгелерди ишке ашыруу пландаштырылып жатканына ишендиришти.

 

Долбоор Бүткүл дүйнөлүк жаштар кызматы программасы боюнча FLEX колдоосу менен Ивановка айыл өкмөтү, Ысык-Ата РОО, «ФрендАзия» ӨЭУ, «Сайрон» ӨЭУ, чет өлкөлүк ХАНСАНАМО билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы жана «Мекендештер» Форум долбоорунун тарабынан ишке ашырылды.