Бүгүн Экологиялык билим күнү

April 15, 2016, 06:00

Жыл сайын 15-апрелде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Экологиялык билим күнү белгиленет.

 

Анын тарыхы 1992-жылдан тартып башталат, ал кезде курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрү талкууланган БУУнун Рио-де-ЖанейродогуКонференциясында тиричилик кылуустратегиясын турмушка ашыруужана адамзаттын туруктуу өнүгүшү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн калкынын экологиялык билиминин эбегейсиз зор мааниси баса белгиленген.

 

Бүгүнкү майрамдын негизги максаты – калктын экологиялык билимдериналга илгерилетүү, экологиялык коопсуздук жагындагы иштердин абалы жөнүндө жана курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө коомчулукка маалымдоо, ошондой эле экологиялык ой жүгүртө алган жаранды тарбиялоо жана даярдоо.

 

Азыркы дүйнөдө экологиялык билимдин маанилүү экендиги эч кимде шектенүүнү пайда кылбайт жана көпчүлүк өлкөлөрдө окутуунун жана тарбиялоонун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Анткени калктын экологиялык маданиятын жана курчап турган чөйрөгө аяр мамилени калыптантыруубоюнча иш – бул бүткүл адамзат үчүн коопсуз келечектин уюткусу.

 

Экологиялык билим жана агартуу жаратылышты коргоо көйгөйлөрүн чечүүнүн маанилүү каражаты катары эл аралык деңгээлде таанылды.

 

Биздин өлкөдө экологиялык агартуу жана тарбиялоо жалпы билим берүүчү мекемелердин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени бүткүл планетанын келечеги өсүп келаткан муундун экологиялык маданиятына байланыштуу. Албетте, глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү жалпы мамлекеттик жана дүйнөлүк деңгээлде биргелешкен күч-аракеттерменен гана чечүүгө болот, бирок жашаган жердин экологиясын жакшыртуу кала берсе бир конкреттүү адамдын да колунан келет.

 

Ошондой эле Экологиялык билим күнү экологиялык агартуу жана билим берүү жагынан иш жүргүзгөндөр үчүн гана эмес, ошондой эле планетабыздын бардык тургундары үчүн маанилүү экендигин, анткени сөз бардыгыбыздынкелечектеги коопсуз жашообуз жөнүндө жүрүп жаткандыгынбелгилеп кетүү маанилүү. Бүгүнкү күндө экологиялык маданиятты каныктыруу – келечектеги муундардын ден соолугун сактоонун уюткусу.