Урматтуу педагогдор, психологдор, волонтерлор, «Жайлоо бала бакчалары - өнүгүү борборлору» сиздерди кызматташууга чакырат!

April 5, 2016, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси”эл аралык коомдук фонду эки жылдан бери Республиканын тоолуу аймактарында ачылган бала бакчалардын ишин сапаттык деңгээлге чыгаруунун үстүндө иштеп жатат. Жайлоодогу өнүгүү борборлору июнь айынан август айынын аягына чейин өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзөт.


Балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө таасир тийгизе турган кесипкөй, ишине берилген педагогдор, новаторлор, идеялаштар экендиги талашсыз.


Андыктан, Фонд өлкөбүздө жана чет-өлкөлөрдө иштеп жаткан педагогдорду, социалдык кызматкерлерди, психологдорду, волонтерлорду жана чет-өлкөлүк адистерди кызматташууга чакырат.


Аймактардагы балдардын, ата-энелердин, коомчулуктун өнүгүшүнө кайдыгер карабаган, маалыматтык, педагогикалык жана илимий табылгаларын калк менен бөлүшкүсү келген, кесиптештерди, өнөктөштөр кайдыгер карабайт деген ойдобуз.


Тоодогу өнүгүү борборлоруна барып иштөө, мастер класстарды өткөрүү Сизге ылайыктуу ийкемдүү графиктин негизинде ишке ашат. Мөөнөтү бир жумадан эки айлык убакытка чейин созулушу мүмкүн.


Бул өнөктөштүккө катышуу аркылуу,  сиз:


• Бийик тоолуу аймакта жашаган балдардын өнүгүшүнө, ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугунун артышына көмөктөшөсүз;

• Ар кыл курактагы балдар, ата-энелер менен тыгыз иштөөгө мүмкүнчүлүк аласыз;

• Илимий излилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт;

• Ата-энелер менен тыгыз иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт;

• Коомчулук менен иштешесиз;

• Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк ачылат;

• Нукура кыргыз турмушун жашоо, кымыз ичүү, натуралдык сүт азыктары менен тамактануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;

• Таза тоонун абасы менен ден-соолукту чыңдоо;

• Кыргызстандын керемет жайлоо жашоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Долбоордун катышуучусуна коюлан негизги талаптар:


1. Педагогика, психология, социология, экология, искусство багыттарында билимиңиз жана тажрыйбаңыздын болушу;

2. Долбоорго катышууга кызыкдарлык;

3. Долбоорго катышууга шыктангандык;

4. Жоопкерчиликтүүлүк;

5. Тоонун катаал шартында убактылуу иштөөгө жана жашоого даярдык.


Фонд Сиздердин күндөлүк чыгымдарыңызды каржылайт. Тийиштүү шарт түзүп берет.


Анкеталар 2016-жылдын 20-майга чейин кабыл алынат.


Анкетанын формасын төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот >>>


Кошумча маалымат үчүн asanasyl@gmail.com - Асылбек Жоодонбеков, s.arstanbek@gmail.com - Арстанбек Сагынтай уулу же 0556 549154, 0771 388596 телефондору аркылуу байланышсаңыздар болот.