«Мекендештер - 2016»: Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапарлар

February 19, 2016, 06:00

Мекендештердин «Мекендештер – 2016» III Форумуна даярдык көрүүнүн алкактарында, 2016-жылдын 16-18 февралында долбоордун кызматкерлеринин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына таанышуу иш сапарлары өткөрүлдү.

 

Иштин биринчи күнүнүн жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С. К. Абдырахманов менен жолугушуу өткөрүлдү, анын жүрүшүндө Баткен облусунун мисалында КР өнүгүшүнө мекендештердин кошуп келе жатышкан ийгиликтүү практикалык салымдарынын жыйнагынын бет ачары болуп өттү, ошондой эле Баткен аймагынын өкүлдөрүнүн алдыда турган иш чарага жигердүү катышууларынын маселеси талкууланды.

 

Ошол эле күнү Баткен Мамлекеттик Университетинин базасында студенттер менен жолугушуу уюштурулду, аларга билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга багытталган «Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФ долбоорлорунун жана демилгелеринин бет ачарлары тартууланды.

 

Жолугуушулардын жүрүшүндө Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин ректору тарабынан чет өлкөлөрдө жашап жатышкан мекендештердин катарынан IT-технологиялар, айыл чарбасы жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү илимий кызматерлердин, эксперттердин жана жогорку даярдыктагы адистердин катышуусу менен университеттин студенттери үчүн лекторийлерди уюштуруу жана өткөрүү демилгеси сунуш кылынды. Азыркы убакта ЖАМУда 36 адистик жана 27 багыт боюнча 16000 студент билим алууда. Алардын ичинен 1000ден ашуун студенттер жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн (Турция, Өзбекистан, Тажикистан, Иран, Россия, Кытай, Афганистан, Индия, Непал, Пакистан, Шри-Ланка) студенттер болуп саналат.

 

Кийин соңунда Ош Мамлекеттик Университетинин ректору К. Исаков жана мамлекеттик тил жана аралыктык билим берүү боюнча проректор О. Шаимкулов менен жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө мекендештердин «Мекендештер - 2016» III Форумуна даярдык көрүүнүн жана ийгиликтүү өткөрүү маселелери талкууланды.

 

К.Исаков өз кезегинде ОШМУ ректораты тарабынан алдыда турган Форумга карата даярдык көрүү иштери башталганын, уюштуруу комитети жана жумушчу топтор түзүлгөнүн кабарлады. «Мекендештер – 2016» III Форумун өткөрүү маселелери Ош шаарынын мэриясында дагы талкууланды.

 

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Ош Мамлекеттик Университетинин студенттери үчүн чет өлкөлөрдө жашап жатышкан мекендештердин катарынан илимий кызматерлердин, эксперттердин жана жогорку даярдыктагы адистердин катышуусу менен меймандардын дарстарын уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынды.

 

Эскерте кетсек, «Мекендештер – 2016» III Форуму 2016-жылдын 1–2-августунда Ош шаарында, Ош Мамлекеттик Университетинин базасында болуп өтөт.

 

«Мекендештер - 2016» III Форуму, буга чейинки эки Форумдай эле (Бишкек 2012-ж., 2014-ж.) чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары, бизнес жана өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү менен баарлашуулары үчүн аянтча болуп калат жана идеялардын, долбоорлордун, жарандык жигердүү көз караш, позициялардын пайда болуусуна, ошондой эле мекендештердин жакындашууларына жана иштиктүү байланыштарды түзүүлүөрүнө сезилерлик кубаттуу түртүк катары кызмат калмакчы.