КР экс-президенти Роза Отунбаеванын Индияга визити

February 21, 2016, 06:00

2016-ж. 13-18-февралында Р. И. Отун6аева ЮНЕСКОнун М. Ганди атындагы институтунун Кеңешинин мүчөсү катары жылдык жыйынынын ичине катышты, анын алкактарында «Тынчтыкка, макул» деген темада жаштарды экстремизм зомбулугуна каршы тынчтыкка жана сабырдуу толеранттуулукка тарбиялоо боюнча чоң жолугушуу болуп өттү. Ага «PU «Youth Peer Education Network Y-PEER» кыргыз уюмунан Дарика Аманбаева жигердүү катышты. .

 

Индияга визитинин алкактарында экс-Президент Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары С. Джайшанкар, адам ресурстарын өнүктүрүү министри Смити Рубин Ирани айым, ошондой эле Индиянын ички иштер мамминистри Кирен Рижижу (Kiren Rijiju) мырза менен жолугушту. Өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор көйгөйлөрү, ошондой эле коомдук уюмдардын жана фонддордун деңгээлдериндеги байланыштарды жана кызматташууларды өнүктүрүү боюнча мазмуунду аңгемелешүүлөр болуп өттү.

 

Р.Отунбаева Делидеги белгилүү Индиялык технологиялар институтунун жеке менчик мектептер тарамынын жалпы билим берүүчү мектебинде, Джавахарлал Неру атындагы Университетте болду, БУУӨП Индиядагы кеңсесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

 

Ал Кыргызстандан барган делегация жана КР Индиядагы элчилигинин кызматкерлери менен биргеликте дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн катышуусунда, Делинин чет жакасында ар жыл сайын өткөрүлүүчү массалык Сураждкунд фестивалына катышты. «Таберик» тобунун көрсөтүүлөрү, ошондой эле «Балажан» балдар борборунун жеткинчектери тарабынан даярдалган сувенирлер фестивалдын жүз миңдеген катышуучулары тарабынан абдан жактырылуу менен ийгиликтүү кабыл алынды.