Бишкек шаарынын «Устат-3» долбоорунун насаатчысы өз билимдерин шакирттерге берип жатат

February 17, 2016, 06:00

Аламүдүн районунун РИИБдин кадрлар бөлүмүнүн зардалынын орун басары, милициянын п/полковниги Нуржан Адылова шакирттер менен өз иши жөнүндө буларды айтты: Тандагандан кийин, мен шакирттерди таанышуу жана ишенимдүү мамилелерди түзүү үчүн Аламүдүн РИИБге чакырдым.

 

Бүгүнкү күндө Абдыкеримова Аиза менен иш жүргүзүлүп жатат, ал өзүнүн бир тууганынын жолун жолдоп, окууга жана КР ИИОдо иштөөгө ниеттенет. Аизанын бир тууганы, милициянын старшинасы, Аламүдүн районунун ИИБдин Таш-Дөбө милиция бөлүмү пунктунда иштеген, ал 2003-жылы курман болгон.

 

2015-жылдын декабрында ачык эшик күнү өткөрүлдү. Биринчи кезекте Аиза РИИБдеги жумуш күнүнүн тартиби, ар бир: ОУР, СО, ИДН, Д/Ч жана ООБ кызматтарынын иши, ар бир кызмат кандай ролду жана функцияны аткара тургандыгы менен таанышты.

 

Ошондой эле РИИБ боюнча экскурсия өткөрүлдү, администрациялык жосун жасагандыгы үчүн жоопко тартылган адамдарды убактылуу кармоо камерасы көрсөтүлдү.

 

Кийинки жолугушууда маектешүү учурунда шакирт Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын (ЖИИ) ишине кызыкты, ЖИИнин зардалы, милициянын п/полковниги Б.Т. Токтосунова жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун иши, алар аткарып жаткан функциялар жана милдеттер менен тааныштырды жана аларды көрсөтүп берди. Аиза ЖИИнин инспекторлорунун ЖИИнин алдын алуучу эсебинде турган жашы жете электер менен маектешүүсүнө катышты.