«Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкагында өлкөнүн 7 шаарында шакирттер үчүн экинчи тренинг өтүп жатат

February 18, 2016, 06:00

2016-жылдын 16-февралынан тартып 25-февралына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкагында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу аркасында ИИМ жана КР милиционер аялдарынын ассоциациясы менен өнөктөштүктө КРнын 7 шаарында шакирттер үчүн экинчи тренинг өтүп жатат.

 

16, 17, 18-февралда тренингдер түштүк региондо, Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында өттү. Тренингге тандалган шакирттер – жогорку класстардын окуучу кыздары жана балдары этностук азчылыктардын өкүлдөрү, ошондой эле долбоордун насаатчылары – айымдар, ИИБдин кызматкерлери катышты.

 

2016-жылдын 19-февралында тренинг Бишкек шаарындагы долбоордун шакирттери үчүн, ал эми 24- жана 25-февралда Нарын жана Каракол шаарларында өтөт.

 

Гендердик билим берүү, медиатордук, ИИБ жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү, мектеп окуучуларын адам укуктарына, сын көз менен ой жүгүртүүгө жана башка темаларга окутуу боюнча тажрыйбалуу машыктыруучулар болуп саналган Догдуркуль Кендирбаева менен Эльмира Арапова машыктыруучу катары иш алып барат.

 

Тренингдин максаты – келечекте ИИОдо иштөө жана ИИМ Академиясына тапшыруу үчүн жогорку класстардын окуучу кыздарынын сын көз менен ой жүгүртүү жөндөмдөрүн арттыруу, өз алдынчалыгын, лидерлик сапаттарын жана баарлашуу жөндөмдөрүн арттыруу.

 

Атап айтканда, тренингден кийин шакирттер презентацияларды өткөрүүнүн базалык жөндөмдөрүн өздөштүрөт, сын көз менен ой жүгүртүүгө, далилдер менен дискуссия кылууга жана өзүнүн көз карашын билдирүүгө, жалпы тил табышууга, адамдар менен мамилелерди түзүүгө жана сактоого үйрөнөт деп пландаштырылууда. Командада иштөө жана чечимдерди кабыл алуу жөндөмдөрүнө ээ болот.

 

Тренингдин алкагында шакирттер «гендер» түшүнүгүн жана балдар менен кыздарды тарбиялоонун орун алган стереотиптерин, «мыйзамдын чегинен чыкпоо» жана «мыйзам» түшүнүктөрүн, жеке, социалдык жана саясий укуктарды, стереотиптердин жана ырым-жырымдардын келип чыгышынын механизмдерин жана сабырсыздыктын келип чыгышында алардын ролун өздөштүрөт.