«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында мектептердин жанына бактарды отургузат

February 18, 2016, 06:00

Программа Чүй областынын пилоттук мектептеринде башталат, ал жерде көктөмдөн тартып Чүй өрөөнүнүн климатына байыр алган алманын, кара өрүктүн жана башка мөмө бактардын өсүп чыккан көчөттөрү отургузулат. Натыйжада эки жылдан кийин мектептеги түшкү тамактын учурунда балдар пайдалуу жандуу витаминдерди ала алат, ал эми мектеп ашканасындагы чайды өз мектептеринин жанындагы бакчадан чогултулган жемиштерден жасалган мөмө компоту алмаштырат. Мындан тышкары, бул пилоттук эмес мектептерди ысык тамак-ашты ишке ашыруу жагынан шыктандырат деп күтүлүүдө.

 

Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фонду ошондой эле алда канча таза жана сарамжалдуу тамактанууга көмөк көрсөтүү, турмуштагы адаттарды калыптандыруу жана жаратылыш менен тааныштыруу үчүн окутуучу платформа катары мектеп жанындагы бакча участокторун кубаттайт жана колдойт.

 

Изилдөөлөрдүн кооптуу маалыматтары буларды көрсөтүп турат: Кыргызстанда ар бир бешинчи бала балансташпаган тамак-аштан жабыркайт, өсүп келаткан организмге зарыл болгон витаминдерди жана микронутриенттерди кем алат. Натыйжада өлкөдө балдардын 14 пайызы тигил же бул микронутриенттердин тартыштыгынын айынан бою өспөй калат, ал эми балдардын 22 пайызы беш жашка чыкпай калат. Өлкөдө темирдин тартыштык анемиясы орун алышынын деңгээли өтө жогору, республикада балдардын дээрлик жарымы темирдин жетишсиздигинен жабыр тартат.

 

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишке ашырып жаткан балансташкан мектеп тамак-ашынын программасы балдардын тамактануусунун көйгөйүн чечүүгө жардам берип жатат. Мектептер диетада, тамактанууда жана сергек жашоо ыңгайын сактоодо базалык адаттарды өздөштүрүү үчүн эң сонун жай болуп саналат. Көпчүлүк өлкөлөрдө мектептер балдар жашоо үчүн ушул маанилүү жөндөмдөрдү алышы мүмкүн болгон бирден-бир жай болуп калууда. 2015-жылдын октябрында Кыргызстандын Өкмөтү Азык-түлүк коопсуздуктун жана тамак-аштын улуттук стратегиясын жактырды, аны ФАО демилгелеген жана башчылык кылган.

 

Мектептер балдар туура тамактанууга жана сергек жашоо ыңгайына адаттар жаңыдан гана калыптанып жаткан куракта алар менен иштейт; мектептер ошондой эле үй-бүлөлөр, мугалимдер менен өз ара аракеттенет жана калктын өтө кеңири чөйрөлөрүн өз ишине тартуу үчүн канал боло алат.

 

Мектептер аркылуу сарамжалдуу тамактанууга көмөктөшүүнүн артыкчылыктары бар, алар класстык бөлмөнүн жана мектеп короосунун чегинен тышка чыгат жана сергек жашоо ыңгайы жана туура тамактануу жагынан үй-бүлөлөрдүн жана калктын бакубаттуулугун арттырууга жардам берет.

 

Бири-бирин өз ара толуктап туруучу билим берүү иши, анын ичинде мектептеги сабактар, окуучулар менен өз тажрыйбасын жана жөндөмдөрдү ала турган жана аларга азык-түлүк, тамактануу режими жана ден соолук жөнүндө маалыматты өздөштүрүүгө мүмкүндүк бере турган практикалык сабактар мектептин базасында натыйжалуу диетологиялык тарбиялоонун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

 

Мектеп бакчалары айыл чарбасы, тамак-аш жана экономика жөнүндө сабактарды өткөрүү үчүн лаборатория болуп калат. Долбоордун алкагында бардык мектептер шаймандар, жер семирткичтер менен камсыз кылынат, ал эми персонал бакчаны иш билгилик менен жана натыйжалуу багуу боюнча тренингден өтөт. Мындан тышкары, бакчалардын абалына тажрыйбалуу агрономдор көз салып турат.