Жалал-Абад шаарында «Устат-3» долбоорунун насаатчысы өз билимдерин шакирттерге берип жатат

February 12, 2016, 06:00

Жалал-Абад областы боюнча ИИБдин кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын майору Жамиля Суранова «Устат-3» долбоорунун алкагында өзүнүн шакирттери менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

 

Алар жумасына эки жолу мага ИИБге келет жана биз документтерди иликтөө жагынан иш жүргүзөбүз. Кыздар документтерге жана алардын толтурулушуна өтө ынтызарлыгын көрсөттү.

 

2015-жылдын 15-декабрында биз Сузак районундагы Манас мектебинде өтүп жаткан семинарга бардык, ал жерде алар лидерлик жөндөмдөрдү, саясий жана мамлекеттик курулуш жана адептик сапаттарды жакшыртуу маселелери боюнча тажрыйбаны алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Семинардан кийин Черноморец Виктор Викторович биз менен жекече маектешүү өткөрдү, кыздар көптөгөн суроолорду берди жана аларда кызыгуу пайда болду.

 

2016-жылдын 12-январында мен кыздардын түшүнүгүн кеңейтүү жана кылмыштарды четтетүүнүн бардык жактары менен тааныштыруу максатында күзөт-кайгуул кызматынын (ККК) кызматкерлери менен бирге жөнөттүм. Алар КККнын кызматкерлери коомдук жерлерде укук бузуучуларды кантип кармаганына, Жалал-Абад шаарынын ИИБнын «Курманбек» шаардык милиция бөлүмүнө кантип жеткиргенине байкоо жүргүздү, укук бузуучунун жанында болгон буюмдарды алып коюунун протоколун, Кыргыз Республикасынын администрациялык кодекси боюнча (364, 366. 384-статьялар боюнча) администрациялык укук бузуучуга протокол түзүштү.

 

2016-жылдын 25-январында биз Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Төрөканов Бекжан менен бирге С.Давлетов атындагы № 14мектепте жашы жете электердин жана кесиптик окуу жайларынын окуучуларынын арасындагы укук бузуулар боюнча лекцияга бардык.

 

2016-жылдын 29-январында жумасына эки жолу (шейшембиде жана жума күнү) 18:00дөн 20:00гө чейин алар Жалал-Абад областынын ИИБ аппаратынын дене тарбия даярдыгына барат. Демейдегидей, ИИБдин өздүк курамынын тизилүүсү, бир аз чуркоо, интенсивдүү зарядка жана курамдарды волейбол жана футбол командаларына бөлүштүрүү, ошондой эле самбонун бир аз ыкмаларына үйрөтүү жүргүзүлөт.

 

2016-жылдын 2-февралында милициянын ишине кыздардын кызыгуусун арттыруу максатында мен өзүмдүн кесиптешим – Жалал-Абад шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кенже лейтенант Дуванаев Нурбектен кыздарды жазык иштери менен тааныштырууну, ШИИБ боюнча экскурсия жана бир нече маектешүү өткөрүүнү өтүндүм. Ошондой эле алар кылмыш болгон жерге барды, кылмыш жасалган жерди карап чыкты, протокол түзүүнү, күбөлөрдү сурамжылоону үйрөндү.

 

2016-жылдын 8-февралында Жалал-Абад областынын ИИБнын кезметчи бөлүгүнүн инспектору милициянын майору Н. Жээнтаевди кыздарды Макаров тапанчасын чогултуу жана бириндетүү менен тааныштыруу үчүн чакырдык, анын натыйжасында алар өздөрүнө берилген тапшырманы ийгиликтүү аткарды.