Кара-Суу районунун 60 мугалими «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен компьютердик сабаттуулук окутуусун ийгиликтуу аякташты

February 17, 2016, 06:00

Аталган ишембилик мектепте окуган мугалимдер 2015-жылдын 5-декабрынан 2016-жылдын 23-январына чейин компьютердик сабаттуулук курсун окушуп, компьютердик програмалар менен иштоо, интерактивдуу досканы сабак учурунда колдонууну оздоштурушту.


Компьютер менен иштөө жөндөмдөрдү мыкты өздөштүрүп анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана баштагандыгын айткан №12 мектептин мугалими Динара Урайимжановна төмөнкүдөй ой бөлүштү: “Бул окуу курсун кесиптештеримден угуп келдим, биздин мектептен бештен ашык мугалим келгенбиз, мектепте компьютерлер жана интерактивдүү доска бар болгону менен, аны колдоно алчу эмесбиз, жаш курагыбызга байланыштуу колдонуунун өздөштүрө албасам керек деген ойдо болчумун, бирок азыр Microsoft Office пакети менен иштөө жөндөмдөмүнө ээ болуп, өз алдымча презентация түзүп, интернет булактарынан сабака керектүү маалыматтарды алууну үйрөндүм. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем”.


Эске сала кетсек, 2015-жылдын жайынан тартып Ош областында 30 жаштан улуу айымдар үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен компьютердик сабаттуулук боюнча мектепти аякташты. Бүгүнкү күндө 195 аял окутуудан өттү.